Akchabarsearch
    «Керемет Банк» кардарлардын каражаттарынын 40%дан ашыгын жоготту
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2025-09-06, 17:29

    «Керемет Банк» кардарлардын каражаттарынын 40%дан ашыгын жоготту

    Жыл башында эл аралык күн тартиби кыргызстандык банкирлердин күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланды. 15-январда АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) санкциялык тизмесине уставдык капиталы боюнча эң ири банктардын бири (төртүнчү орун – 8 миллиард 698,7 миллион сом) “Керемет Банк” ААК киргенин жарыялады. АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, мунун себеби санкцияга алынган орусиялык “Промсвязьбанк менен кызматташтык жана 2024-жылдын жайынан тарта чек ара аралык акча которууларга көмөктөшүү болгон.

    1-мартка карата санкциялар юридикалык күчүнө кирди. Арадан эки ай өткөн соң эле рынок алардын кесепетин сезе баштады.

    Банктын ишиндеги эң байкаларлык өзгөрүү болуп, айлык отчеттордо чагылдырылган кардарлардын эсептериндеги каражаттардын азайышы болду. Эгер 2023-жылдын 31-декабрына карата Керемет Банктын кардарларынын эсептеринде 6 млрд 697,2 млн сом сакталса, 2024-жылдын 30-апрелине карата бул сумма 3 млрд 976,4 млн сомго чейин кыскарган. Башкача айтканда, 2,7 миллиард сом же кардарлардын банктагы эсептеринде топтолгон сумманын 40 пайыздан ашыгы чыгарылып кеткен.

    Маалыматтар туруктуу терс динамиканы көрсөтүп турат, бул банкка болгон ишенимдин төмөндөшүн билдириши мүмкүн. Эгер 2024 жана 2025-жылдардын ушул эле мезгилдерин салыштырсак, айырма айкын көрүнөт. Мисалы, 2024-жылдын февраль айында кардарлардын активдүүлүгүнүн өсүшү байкалган — депозиттик база январга салыштырмалуу дароо 22,09%га жогорулаган. Ал эми 2025-жылы, тескерисинче, февралдагы көрсөткүч 13,45%га төмөндөгөн, бул төмөндөө мартта (–13,11%) жана апрелде (–5,29%) да уланган. Ошентип, 2024-жылдын алгачкы төрт айында кардарлардын каражаттарынын жалпы чыгышы болжол менен 13%ды түзсө, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 40%дан ашкан. 

    Бул жагдай банктагы ликвиддүүлүктүн азайышынан да байкалды. Каралып жаткан мезгилде банктын акча каражаттарынын көлөмү жана Улуттук банктын, ошондой эле башка финансылык уюмдардын эсептериндеги калдыктар да кыскарган — дээрлик 5,2 млрд сомдон (автордун эскертүүсү — банктын өзүндө 1,3 млрд сом, КР Улуттук банкында 2,6 млрд сом, башка финансы-кредиттик уюмдарда 10,1 млн сом) 3,93 млрд сомго чейин. Негизинен бул кыскаруу “Керемет Банктын” башка банктардагы жана финансы-кредиттик уюмдардагы эсептериндеги каражаттарынын азайышынан улам болгон.

    Санкциялык басымга жана кардарлардын каражаттарынын агылып чыгышына карабастан, “Керемет Банк” 2025-жылдын апрель айынын жыйынтыгы боюнча туруктуулугун сактап, ал тургай оң финансылык жыйынтык көрсөтө алды. Бирок банк 2024-жылдын аягында жетишкен активдер деңгээлин сактап кала алган жок.

    Эгер 2024-жылдын 31-декабрына карата активдер 16,5 млрд сомду түзсө, 2025-жылдын апрель айынын аягына карата алар 13,9 млрд сомго чейин азайган. Бул баланстын жалпы кыскарышын жана кардарлардын каражаттарын чыгарып кетишинин кесепеттерин чагылдырат.

    Олуттуу басымга карабастанКеремет Банк апрель айын болжол менен 167 млн сом пайда менен жыйынтыктады. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилиндеги натыйжага салыштырмалуу болгону 15,7 млн сомго (–8,6%) аз. Ошондой эле, банктын бир катар көрсөткүчтөрү жакшырган. Мисалы, таза пайыздык эмес киреше 35,95 млн сомду түздү, ал эми 2024-жылдын апрелинде бул көрсөткүч 150,1 млн сомдук чыгым болуп катталган. Мындай оң өзгөрүү төмөнкү себептерден улам мүмкүн болду:

    • кызматтарга жана комиссияларга кеткен чыгымдардын кыскарышы;
    • чет элдик валюталык операциялардан түшкөн кирешенин аз-маз өсүшү;
    • башка чыгымдардын азайышы жана башка кирешелердин көбөйүшү.

    Операциялык киреше 1,6 эсеге көбөйдү: 2024-жылдын апрелиндеги 251,1 миллион сомдон 2025-жылдын апрелинде 412,6 миллион сомго чейин, ал эми операциялык чыгашалар 10,3%га гана өстү. Бул эффективдүү маржаны сактоого мүмкүндүк берди.

    Дагы бир маанилүү көрсөткүч болуп, апрель айынын акырына карата 28,9 млн сомго чейин кыскарган топтолгон жоготуулар саналат. Бул 2024-жылдын аягына салыштырмалуу дээрлик 7 эсеге (197,2 млн. сом), өткөн жылдын апрелине (764,6 млн. сом) салыштырмалуу 26,5 эсеге аз.

    Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Акчабар” агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде Керемет Банк ААКна каршы санкциялардын айланасындагы кырдаалга комментарий берген. Ал банктын эч кандай шектүү схемаларга тиешеси жок экенин айтып, бийлик муну документтештирүүгө даяр экенин белгилеген. Анын айтымында, америкалык тарап менен сүйлөшүүлөр санкция чаралары тууралуу маалымат пайда болгондон көп өтпөй, 16-январда болушу керек болчу. Бирок бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча маалым эмес.

    Буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев да санкциялык тизме жарыялангандан кийин банкка санкциялар күчүнө киргенге чейин мыйзам бузуулар бар экенин жокко чыгара турган документтерди тапшырууга 30 күндөн 45 күнгө чейин убакыт бар экенин түшүндүргөн.

    Буга карабай 2025-жылдын 1-мартында АКШнын санкциялары расмий түрдө күчүнө кирди. Ага беш күн калган учурда, 24-февралда “Керемет Банк” Россияга колдоо көрсөтүүчү чет элдик финансылык институт катары Улуу Британиянын санкциялар тизмесине да киргени белгилүү болду.

    Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 29-мартында Кыргызстандын Финансы министрлиги Улуттук банктан “Керемет Банк” ААКнын 84,8 миллион жөнөкөй акциясын сатып алган, бул уставдык капиталдагы үлүшүнүн 97,45% түзгөн. Үлүш 8,5 миллиард сомго бааланган.

    Бирок, ошол эле жылдын декабрь айында Каржы министрлиги 6,5 миллиард сомго бааланган акциялардын 75%ын сатып, акциялардын контролдук пакетин люксембургдук Altair Holding S.A компаниясына өткөрүп берген. 2025-жылдын биринчи кварталынын аягында бул компания банктын негизги акционери болуп калган.


    Тектеш материалды окуу