Akchabarsearch
Кыргызстанда расмий түрдө эки банк жоюлду
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2024-10-09, 15:56

Кыргызстанда расмий түрдө эки банк жоюлду

Учурда Кыргызстанда расмий түрдө 21 коммерциялык банк иштөөдө. Бир жыл мурун алардын саны 23 болчу.

2024-жылдын 19-июнунда өлкөдө бир күндө эки банк ишин токтотту.  

Тактап айтканда, “Аманбанк” ААК “Аман Кредит”  микрофинансылык компания катары расмий түрдө кайра каттоодон өттү. Ошондой эле, ушул эле күнү Пакистан Улуттук банкынын Бишкек филиалынын лицензиясы жокко чыгарылды.

Белгилеп кетсек, Пакистандын Улуттук банкы 2020-жылдын ноябрь айында Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан чыгып жатканын билдирген. Андан кийин банк “Акчабарга” берген маалыматында, рыноктон кетүү чечимин бизнес стратегиясынын өзгөрүшү менен байланыштырып, өзүн-өзү жоюу тууралуу маалыматты тастыктаган.

Банктын өкүлү билдиргендей, кардарлар 2021-жылдын 28-февралына чейин банкты таап, ал жакка акча которууга же акчаларын алууга тийиш болгон.

Банк Кыргызстандын рыногунан чыгууну чечкен учурда анын милдеттенмелери жана активдери 1,8 млрд сомду түзгөн. Пакистандын Улуттук банкындагы эсептерде жарандардын 976,8 млн сому жана банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин 975 миң сому топтолгон.

Кийинчерээк бардык кардарлардын эсептери банк тарабынан бир тараптуу жабылып, кардарлардын эсептериндеги талап кылынбаган акчалар “Айыл Банкка” которулган.

Банк өзүн-өзү жоюу процессин 2021-жылдын 28-февралынан тарта баштаган.

Натыйжада КРнын Улуттук банкы Пакистан Улуттук банкынын Бишкектеги филиалын жоюуну ушул жылдын 19-июнунда баштаган. Башкача айтканда, процесс үч жылдан ашык убакытты алды.

Тескерчисинче, "Аманбанк" боюнча чечим тезирээк ишке ашты. 2024-жылдын январь айынын аягында акционерлер кезексиз жыйында банкты микрофинансылык компания катары кайра каттоодон өткөрүү чечимин кабыл алышкан. Тиешелүү суроо-талап Улуттук банкка жөнөтүлүп, ал эми Улуттук банк беш айга жетпей кайра каттоону бекиткен.

Белгилеп кетсек, бул эки банктын жалпы төлөнгөн уставдык капиталы 1 млрд 400,6 млн сомду түзсө, анын 800,6 млн сому “Аманбанкка” жана 600 млн сому Пакистандын Улуттук банкына туура келет.

Банк секторунан эки банктын кетишине карабай, өлкөдөгү комбанктар төлөгөн уставдык капиталдын жалпы көлөмү төмөндөгөн жок.  Тескерисинче, ал өстү. Экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча бардык коммерциялык банктардын төлөнгөн капиталы 68 млрд 63,4 млн сомду түздү. Бул өлкөдө 23 банк иштеп турган биринчи кварталга салыштырмалуу 7 млрд 23,8 млн сомго көп. Коммерциялык банктардын жалпы уставдык капиталынын өсүшү анын бир эле учурда он сектордун катышуучуларынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Кошумчалай кетсек, 2019-2020-жылдары Кыргызстанда да ушундай эле жагдай болуп, эки банк рыноктон чыгып кеткен.  Алсак, “Чанг Ан Банк” ААК, “Аманбанк” сыяктуу 2019-жылдын сентябрында кайра каттоодон өтүп, микрофинансылык компания болуп калган. Ал эми “БТА Банк” “Бакай Банк” менен биригип, өз алдынча ишмердүүлүгүн токтоткон. 2019-жылдын октябрында Улуттук банк келишимди жактырган, бирок ал 2020-жылы аяктаган.


Тектеш материалды окуу

  • Экология, адамдар жана башкаруу: «Айыл Банк» ESG принциптерин кантип ишке ашырат

    «Айыл Банк» ESG принциптерин ырааттуу түрдө ишке ашырып, туруктуу өнүгүүнү өзүнүн стратегиясынын жана коомдун, ошондой эле келечек муундардын алдындагы жоопкерчилигинин ажырагыс бөлүгү катары карайт. Банк үчүн бул бир жолку демилге эмес, айлана-чөйрөгө кам көрүүнү, адамдарды колдоону жана ачык-айкын корпоративдик башкарууну бириктирген узак мөөнөттүү жол болуп саналат
    2025-29-12 07:39:18
  • Региондордогу филиалдардан тарта санариптик сервистерге чейин: «Айыл Банк» кардарлардын ишенимин кантип арттырат?

    Кыргызстандын банк секторунда убакыт өткөн сайын жөн гана сандык көрсөткүч бойдон калбай, ишеним деңгээлин сактап, экономикалык жараяндарга катышууну жана региондордо да иштөөнү тынымсыз улантып жаткан жагдайлар бар. Ушул контекстте “Айыл Банк” көп жылдан бери өлкөдөгү эң туруктуу жана ири каржылык институттардын бири болуп келе жатат.
    2025-25-12 05:00:46
  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24