Akchabarsearch
Кинолор кантип бизнесмендерди ого бетер байытат?
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-28-11, 11:05

Кинолор кантип бизнесмендерди ого бетер байытат?

Бүгүнкү күндө заманбап керектөөчү товарды же кызматты гана эмес, алар менен кошо алган эмоциясын да тандайт. Ийгиликтүү компаниялар рынокто калуу үчүн жөн гана продукт сатуу жетишсиз - кардардын бардык сезимдерин камтыган толук кандуу тажрыйба жаратуу керек экенин көптөн бери түшүнүп калышканСенсордук брендингдин маңызы дал ушунда жатат.

Сенсордук брендинг кардарга көрүү, угуу, сезүү, даам жана жыт аркылуу таасир этет.

Атмосфера, музыка, мейкиндиктин жасалгасы, жыттар жана текстуралар - мунун баары керектөөчүнүн эсинде кала турган таасирди түзүүгө кызмат кылат. Мисалы, фирмалык кофе жыты жана жарыгы бар кафе жөн гана суусундук бербестен, кайра-кайра кайтып келгидей кыялга шыктандырган маанай жаратат. Ал эми ойлоо менен тандалган музыка жана ыңгайлуу дизайны бар дүкөндөр сапаттуулук жана кардарга кам көрүү сезимин пайда кылат.

Тематикалык кафе жана ресторандар жаңы трендге айланып баратат. Алар сүйүктүү фильмдердин жана сериалдардын атмосферасын кайра жаратып, конокторду тааныш дүйнөгө сүңгүтөт. Мисалы, Москвадагы “Папа Вейдер” “космостук кемедей” жасалгаланган: интерьерде “Жылдыздар согушуна” болгон шилтемелер көп, ал эми менюда “Робоцып салаты”, “Үчүнчү планетанын сыры шорпосу”, “Базз Лайтер картошкасы” сыяктуу тамактар бар. Мындай ыкма кардарларды мекемеде узагыраак кармап, көбүрөөк акча коротууга түрткү берет. Изилдөөлөргө ылайык, иммерсивдүү (толук сүңгүтүүчү) мейкиндиктер коноктордун орточо эсебин бир кыйла жогорулата алат.

Тематикалык жайлардын кейстери атмосферанын күчүн айкын көрсөтөт. Мисалы, Москвадагы Friends тармагы “Достор” сериалындагы каармандардын батирлеринин стилинде жасалгаланган. Коноктор Джонун диванына отуруп, эпизоддордон алынган аттары бар тамактарды заказ кылып, кафедеги экрандардан сериалды көрө алышат. Ушул сыяктуу эле, “МакЛарен’с” пабы “Мен сенин апаң менен кантип таанышкам” сериалындагы чөйрөнү кайра жаратат: интерьер жана меню түз эле сериалдагы көрүнүштөргө шилтеме берет. Мындай деталдуу иштелген чөйрө барууга гана жагымдуу болбостон, эсте каларлык таасир калтырып, коноктордун лоялдуулугун жогорулатат.

Иммерсивдүү маркетингдин башка мисалдары:

Кино-поп-аптар жана тематикалык кафелер. Мисалы, Нью-Йоркто Эминем бир аз убакытка 8 Миля фильминин стилинде жасалган кафе ачкан. Мындай жайлар фанаттарга сүйүктүү окуянын атмосферасына кайрадан сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Автордук арт-барлар. Миланда режиссёр Уэс Андерсон өз фильмдеринин стилинде жасалган Luce аттуу бар жараткан, ал эми Парижде диснейдин Рататуй” мультфильминин рухундагы Chez Rémy бистросу иштеп келет.

Бренддик билдирүүнү натыйжалуу жеткирүү үчүн компаниялар сенсордук брендинг ыкмаларын колдонушат. Атмосфера түзүүдө сапаттуу аудиовизуалдык контент өзгөчө маанилүү: заманбап стриминг кызматтары фильмдердин жана сериалдардын ири каталогдорун жеке сунуштар менен бирге сунуп, көрүүчүнү система ичинде узак убакыт кармап турат.

MegaTV — мамлекеттик уюлдук оператор MEGAнын видеосервиси, ал 180ден ашуун телеканалдарга жана онлайн-кинотеатрлардын эксклюзивдүү контентине жеткиликтүүлүк берет. Тиркеме смартфондордо, планшеттерде жана Smart TVда жеткиликтүү. Контентти каалаган убакта жана интернет бар жердин баарында көрүүгө болот. Жазылуулардын баасы негизги пакет үчүн (100+ канал) күнүнө болгону 5 сом же толук пакет үчүн (180+ канал) күнүнө 9 сом. Жаңы колдонуучулар 72 сааттык Premium сыноо мөөнөтүн алышат.

MegaTV ошондой эле популярдуу онлайн-кинотеатрлар менен интеграцияланган: сервис Start, Wink жана Megogo, “Этномедиа” жана Ivi платформаларын колдойт, бул болсо фильмдердин жана сериалдардын абдан кеңири каталогун камсыздайт.

MegaTVнын артыкчылыктары:

  • Кеңири контент: 180ден ашуун телеканал жана өнөктөш онлайн-кинотеатрлар аркылуу миңдеген фильмдер жана сериалдарга жеткиликтүүлүк.
  • Ыңгайлуулук: тиркеме смартфон, планшет жана Smart TVде иштейт, каалаган жерде ыңгайлуу көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
  • Жеткиликтүүлүк: жазылуу күнүнө 5-9 сом, ошондой эле акысыз сынамык мөөнөт бар.
  • Жарнамалык мүмкүнчүлүктөр: MegaTVдеги жергиликтүү жарнама бренддерге видео контентти кемчиликсиз интеграциялоого мүмкүндүк берет, бул аудиториянын катышуусун жогорулатат.

Натыйжада сенсордук брендинг менен сапаттуу контент бири-бирин толуктап, кол кармашып иштейт. Эмоцияга таасир эткен атмосфера аны колдой ала турган материалды талап кылат. Mega TV бул милдетти аткарып, бизнеске да, акыркы колдонуучуга да уникалдуу, эмоцияга бай тажрыйба түзүү үчүн керек болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган платформа катары кызмат кылат. Ошентип, заманбап маркетинг мындан ары жөн гана сатуу менен чектелбей, кардардын ар бир сезими эске алынып, узак мөөнөттүү берилгендикти куруу үчүн колдонулган өз ара аракеттенүү искусствосуна айланууда.


Тектеш материалды окуу