
Жарыяланган
2026-03-02, 11:35Кыргызстандын республикалык бюджети 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга каралган пландуу мезгилге кабыл алынды. Аны менен катар мамлекет салык жеңилдиктери боюнча да “оюн эрежелерин” бекитти. “Акчабар” редакциясы кайсыл жеңилдиктер күчүндө калып жатканын, кайсылары узартылганын жана жакынкы жылдары кимдер салык төлөбөй турганын түшүндүргөнгө аракет кылат.
Кыскача айтканда, жеңилдиктер жоголгон жок. Алардын айрымдары дароо 2031-жылга чейин узартылды, кээси мурдагы калыбында сакталды. Натыйжада Кыргызстанда азыр да салык жүгү азайтылган же таптакыр жок болгон бизнес жана уюмдардын категориялары бар.
Бардык чечимдердин негизи 2025-жылы Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы ведомстволор аралык жумушчу топ жүргүзгөн салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо болду. Бул талдоонун үчүнчү баскычы болуп, анын жыйынтыгында бийлик учурдагы жеңилдиктер системасын кайра карап чыгып, аны 2026-жылдагы бюджетке киргизди.
Жалпысынан 28 жеңилдик каралды. Алардын 15и боюнча колдонуу мөөнөтү 2031-жылдын 1-январына чейин белгиленди. Дагы 12 жеңилдикке тийишпей, өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынды.
2031-жылга чейин узартылган жеңилдиктер биринчи кезекте коммерциялык эмес секторго тиешелүү. Коммерциялык эмес уюмдар кирешени мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү, гуманитардык жардам, гранттар, ыктыярдуу кайрымдуулуктар, ошондой эле акысыз алынган активдер түрүндө алса, пайда салыгынан бошотулат.
Ошондой эле көп батирлүү үйлөрдү техникалык тейлөө кызматтары үчүн алынган төлөмдөрдөн, сугат суусун жеткирүүдөн жана диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды өткөрүүдөн түшкөн кирешелер да салык салуудан бошотулат. Жөнөкөй айтканда, эгер фонд же коммерциялык эмес уюм акчаны киреше табуу үчүн эмес, уставдык ишмердүүлүк үчүн алса, салык төлөбөйт.
Мындан тышкары, жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер, ошондой эле кайрымдуулук уюмдарынын пайдасы да салыкка тартылбайт.
Эң кеңири жеңилдиктер топтому кошумча нарк салыгына байланыштуу. КНСтен бошотуу бир нече негизги секторлордо дароо колдонулат.
Инфраструктура жана технология тармагында коммуналдык тармактарга технологиялык туташуу боюнча кызматтар КНСке жатпайт, бирок алар Министрлер Кабинетинин тизмесиндеги адистештирилген уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн учурда гана жүргүзүлөт. Ошондой эле энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү жабдууларды жана технологияларды жеткирүү да КНСтен бошотулат.
Социалдык тармакта пенсиялык камсыздоо жана пенсия төлөөгө байланыштуу кызматтар, ошондой эле пенсиялык фонддордун мүлкүн ишенимдүү башкаруу (ижарадан тышкары) КНСсиз жүргүзүлөт. Бул жеңилдик социалдык коргоо, билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт тармагында иш алып барган коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө да жайылтылат. Өзүнчө гемодиализ кызматтары белгиленген - аларды бөйрөк жетишсиздигинин акыркы стадиясындагы бейтаптарга жеке медициналык уюмдар көрсөткөн учурда кошумча нарк салыгы алынбайт.
Кайрымдуулук уюмдары үчүн меценаттык жөнүндө мыйзамдын алкагында жүргүзүлгөн жеткирүүлөргө да кошумча нарк салыгы эсептелбейт.
Авиация жана өнөр жай тармагында эл аралык авиакаттамдар үчүн реактивдик отунду жеткирүү жана импорттоо, ошондой эле айнек эритүүчү жана феррокуйма мештерин куруу же реконструкциялоо үчүн керектелген адистештирилген товарларды импорттоо салыктан бошотулган.
Өзүнчө блок - товарларды маркировкалоо. Идентификация каражаттарын жеткирүү жана маркировка коддорун генерациялоо боюнча кызматтар да КНСке тартылбайт.
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында жарым-жартылай бошотуу каралган. Жергиликтүү чийки заттан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык негизде кайра иштеткен жана өзүнчө эсеп жүргүзгөн ишканалар стандарттуу сумманын 20 пайызы гана өлчөмүндө НДС төлөшөт. Калган 80 пайызы - жеңилдик. Практикада бул сүттү, этти жана башка продукцияны кайра иштеткен ишканалар үчүн салык жүгүн азайтууну билдирет.
Сатуудан алынуучу салыктан коммерциялык эмес уюмдар тарабынан товарларды жана кызматтарды көрсөтүү бошотулат, эгерде алынган төлөмдөр иш жүзүндөгү чыгымдардан ашпаса жана ишмердүүлүк балдарга, кары-картаңдарга жана аз камсыз жарандарга жардам берүүгө багытталса. Бул жеңилдик билим берүү, медицина, илим, маданият жана спорт тармагындагы кызматтарга да колдонулат.
Салык жеңилдиктеринин айрым бөлүгүн бийлик өзгөртүүсүз калтырууну чечти.
КНСтен мурдагыдай эле карыздар үчүн алынган мүлктү жана турак жайды сатууда банктар бошотулат, ошондой эле кымбат баалуу металлдардан жасалган куймаларды жана инвестициялык монеталарды сатууга байланыштуу операциялар да салыктан бошотулган. Мындан тышкары, ислам каржылоосунун алкагындагы келишимдер, анын ичинде ижара жана товарларды өткөрүп берүү операциялары да ушул категорияга кирет.
Транспорт тармагында Кыргызстан ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу жана эл аралык темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу КНСке тартылбайт.
Импорт жана кайра иштетүү үчүн кардарлар тарабынан берилген чийки затты кайра иштетүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон негизги каражаттарды кепилденген оңдоо жана товарларды бажы кампасынын аймагына жеткирүү боюнча жеңилдиктер сакталат.
Өзүнчө кылмыш-жаза аткаруу системасы белгиленген: эгерде кызматкерлердин кеминде 60 пайызы соттолгондор болсо, түзөтүү мекемелеринин товарлары жана кызматтары НДСке тартылбайт.
Энергетика тармагында жаратылыш газын импорттоодо кошумча нрак салыктан бошотуу күчүндө калууда.
Зергерлик тармак үчүн ата мекендик баалуу металлдардан жана ломдон буюмдарды өндүрүүдө КНСти 80 пайызга кыскартуу каралган, бирок бул жеңилдик 2027-жылдын 1-январына чейин гана колдонулат.
Сатуудан алынуучу салыктан мурдагыдай эле диний жөрөлгөлөр, ырым-жырымдар, аземдер жана зыярат кылуу, ошондой эле жеке адамдардын тиричилик муктаждыктары үчүн колдонулган электр энергиясы, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы бошотулат. Баалуу металлдардан жасалган куймалар, инвестициялык монеталар жана исламдык каржылык инструменттер менен жүргүзүлгөн банктык операциялар да сатуудан алынуучу салыкка тартылбайт, пайыздык кирешеден тышкары.
Бирок салык жеңилдиктери салык системасынын негизги принципин жокко чыгарбайт. Салык төлөө бюджетти түзүүнүн жана мамлекеттик милдеттерди каржылоонун - социалдык колдоодон тартып инфраструктураны өнүктүрүүгө чейин негизги булагы бойдон калууда. Жеңилдиктер максаттуу мүнөздө болуп, мыйзамдын алкагында гана берилет. Алардын колдонулушу белгиленген шарттарды так сактоону талап кылат жана салык төлөөчүлөрдү мамлекет алдындагы жалпы жоопкерчиликтен бошотпойт.



