Akchabarsearch
    Кыргызстандык окумуштуулар жүрөк ооруларын аныктоодо жасалма интеллекти колдонууда

    Кыргызстандык окумуштуулар жүрөк ооруларын аныктоодо жасалма интеллекти колдонууда

    Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде баш калкалагандарды дарыгерлер акысыз медициналык кароодон өткөрүштү. Алар диагностикада жасалма интеллекттин жардамы менен жүрөк жетишсиздигинин алгачкы белгилерин аныкташкан.

    Изилдөө кардиохирургиялык клиникалардын биринде окумуштуулар Ишенбай Молдоташев, Дамир Осмонов жана Асан Назаровдун жетекчилиги астында көп жылдык илимий изилдөөлөргө негизделген. Алар миңден ашык бейтаптын маалыматтарын талдап, жасалма интеллекттин алгоритмдерин түзүшкөн, алгоритмдер менен жүрөк жетишсиздигинин өнүгүшүн алдын ала болжолдоого мүмкүн.

    Изилдөөчү топтун жетекчиси Ишенбай Молдоташевдин айтымында, бул  көмүскөдөгү жүрөк жетишсиздигин аныктоочу ыкма. Башкача айтканда, адам өзүндөгү көйгөйлөрдү сезе элек, бирок электрокардиограмманын жыштык спектринде өзгөрүүлөр болгондогу этап. Баса, бул изилдөө ыкмасы пайдалуу кендерди чалгындоо үчүн да колдонулган. Мунай менен алтындын жыштык спектрлери ар түрдүү. 

    “Мен бул ыкманы жүрөк ооруларын аныктоо үчүн колдонууну сунуштадым. УДИ ыкмасы болгон “алтын стандартка” салыштырмалуу биздин ыкма 85% дал келээрин көрсөттү”, - дейт Ишенбай Молдоташев. 

    Дарыгерлер түшүндүргөндөй, бул ыкма көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Ал ыңгайлуулугу, кыска мөөнөттүүлүгү, мобилдүүлүгү жана арзандыгы менен айырмаланат. 

    Маселен, УДИден текшерүү Бишкек шаарында 1000 сомдун тегерегинде, ага кымбат жабдык жана билимдүү адис керек.

    Мындан тышкары, УДИ көп убакытты талап кылат. Ал эми дарыгерлер тарабынан сунушталган бул ыкма боюнча диастоликалык дисфункцияны аныктоо беш мүнөттүн ичинде бүтөт. Бул жүрөктүн өз милдетин аткарбай, башкача айтканда толук кандуу иштебей жатканын көрсөтөт.

    “Мунун бардыгы жасалма интеллект менен байланыштуу. Эгерде мурда бейтаптар алыскы жана жетүүгө кыйын жерлерден жакынкы клиникага барууга туура келсе, азыр жүрөктү бир нече мүнөттүн ичинде текшерүүгө болот. Алынган маалыматтар интернетке жөнөтүлүп, аны жасалма интеллект иштетет. Ушундай жол менен адамдын жүрөгү ооруйбу же жокпу, аны тез аныктап, эмне кылуу керектиги боюнча сунуштарды бере алабыз”,-дейт жүрөк-кан тамыр хирургу Асан Назаров.

    Келечекте изилдөөчү топ Саламаттыкты сактоо министрлиги бул ыкманы улуттук масштабда ишке ашырууга жардам берет деп үмүттөнүшөт жана бул иш пилоттук долбоор катары бир айылдан же бир райондон башталса дешет. 

    “Сенсорлордун баасы болжол менен 100 доллар, ал үчүн телефон керек. Мындай бейтаптарды аныктоо жарандарды өз ден соолугуна көңүл бурууга жана өз убагында текшерүүдөн өтүүгө түрткү берет. Бул инфаркт жана инсульттун алдын алат”,-дейт Ишенбай Молдоташев.

    Ошондой эле, ал жүрөктүн иштешинин бузулушу УДИ аркылуу аныкталарын кошумчалады. Бирок кыргыз элине сунушталып жаткан диагностикага жаңы ыкма дүйнөнүн эч бир жеринде колдонулбайт. Ар бир облуста, ар бир айылда кымбат баалуу жабдуулар бар өнүккөн өлкөлөрдө мунун кереги жок. Бирок биздин өлкөдө бардык эле жерде УДИден өтүүгө шарттар түзүлгөн эмес, ал эми Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу иш жүзүндө жүргүзүлбөйт.


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстан эмне үчүн энергетика тармагын диверсификациялоосу керек?

      Кыргызстан тарыхта тоолуу дарыялардын молдугунан пайдаланып, гидроэнергетикага таянып келген. Бирок суу чексиз ресурс эмес. Анын үстүнө, климаттын өзгөрүшү жана Борбор Азиядагы айыл чарба муктаждыктары өсүп жаткан шартта сууну сарамжалдуу, этияттык менен керектөө маселеси өзгөчө курч турат.
      2025-13-05 12:08:48
    • Европа менен Кытай курсун көтөрүүдө: сом бир күндө еврого карата 4% арзандады

      Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда евронун курсу 3,49%га жогорулап, бардык валюталар арасындагы эң кескин секирик болду. Мунун себеби Европанын акча-кредит саясатында гана эмес, гео-экономикалык өзгөрүүлөрдө да жатат: АКШ жаңы импорттук пошлиналарды киргизди, Кытай экспортту Европага багыттоодо, эсептешүүлөрдү евро менен талап кылуу барган сайын көбөйүүдө
      2025-12-04 05:37:15
    • Аскар Сыдыков: Ишкерлерге тоскоолдук жаратылбашы керек

      "Акчабар" редакциясы Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыковду кепке тартып, Кыргызстандагы ишкерлердин көйгөйлөрү, кадрлардын жетишсиздиги, акылдуу адамдардын өлкөдөн кетип жатышы сыяктуу маселелер боюнча баарлашты.
      2025-05-04 11:04:42
    • АКШ Кыргызстандын товарларына пошлина киргизди: текстиль, тамеки жана бал көңүл борборунда

      АКШ 2-апрелде 2025-жылдан тарта жооп алуу бажы алымдары киргизиле турган өлкөлөрдүн жана товарлардын толук тизмесин жарыялады. Башка өлкөлөргө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирет. Бул Борбор Азия мамлекеттери үчүн америкалык товарларга карата ушундай чараларга жооп катары алым 10%ды түзөт
      2025-04-04 10:07:13