Akchabarsearch
Финкөзөмөл Кыргызстанда чыккан рубль менен байланышкан А7А5 стейблкоиндин чыныгы көлөмүн ачыкка чыгарды
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-29-08, 16:26

Финкөзөмөл Кыргызстанда чыккан рубль менен байланышкан А7А5 стейблкоиндин чыныгы көлөмүн ачыкка чыгарды

Кыргызстандык Олд Вектор компаниясы чыгарган рубль менен байланышкан A7A5 стейблкоиндин чыныгы эмиссия көлөмү белгилүү болду. Бул компания август айында Улуу Британиянын санкция тизмесине киргизилген эле. Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары эмиссияны 12 миллиард токен деп баалашкан, бирок Акчабар тактап чыккан маалыматка ылайык, катталган көлөм мурда айтылган сандан сегиз эсе көп болуп чыкты.

2024-жылдын 20-августунда Улуу Британия Кыргызстандагы Олд Вектор ЖЧКсын санкциялар тизмесине киргизди. Компанияга карата активдерин тоңдуруу жана трасттык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салуу чаралары киргизилди. Лондондун версиясы боюнча, бул компания Орусия өкмөтүнө стратегиялык пайда алып келген долбоорлорго, айрыкча каржылык кызматтар чөйрөсүндө аралашкан.

Сыртынан караганда Олд Вектор кадимки эле компания болуп көрүнөт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматтарына ылайык, компания 2024-жылдын 13-декабрында катталган, анын негиздөөчүсү жана жетекчиси — Сүйүнбек Карабеков. Устав боюнча негизги ишмердүүлүк багыты — адистештирилбеген дүң соода. Бирок болгону эки айдан кийин, февраль айында, компания виртуалдык активдерди чыгарган эмитент макамын алып, рубль менен байланышкан A7A5 стейблкоинди чыгарууну каттаган.

Дал ошол рублга байланышы бул долбоорго көңүл бурууга себеп болгон. Financial Times жазгандай, бул токен санкцияларды айланып өтүү жана Орусия менен чек ара аркылуу эсептешүүлөрдү камсыз кылуу куралы катары ойлонулган. Басылманын версиясы боюнча, Кыргызстан бул максатта достук мамиледеги юрисдикция катары тандалган.

Financial Times маалыматына ылайык, A7A5 токенинин эмиссиясы Москвалык Промсвязьбанктагы депозиттер менен камсыздалган. Бул банк Орусиянын коргонуу секторун колдогону үчүн АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдиктин санкциясына туш болгон. Бирок Кыргызстандын Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы Акчабарга билдиргендей, токендин камсыздалышы түздөн-түз эмитент — Олд Вектор тарабынан көзөмөлдөнөт.

‎Берилген маалыматтарга ылайык, виртуалдык активдердин чыгарылышын башкаруу жана акчалай камсыздоо түздөн-түз эмитенттин, тактап айтканда, Олд Вектор ЖЧКсынын өзү тарабынан жүзөгө ашырылат, — деп айтылат Финансылык көзөмөл кызматынын билдирүүсүндө.

Ошол эле учурда чет элдик ЖМКлардын эсептөөлөрүндө олуттуу айырма болгон. Financial Times A7A5 токенинин чыгарылыш көлөмүн 12 миллиард деп баалаган (болжол менен 156 миллион доллар). Бирок “Акчабар” тактаган маалыматка ылайык, 2025-жылдын 19-февралында Финансылык көзөмөл кызматында бул токендин 100 миллиард даанасы расмий катталган. Номиналдык баасы 1 рубль болгондуктан, жалпы эмиссиянын көлөмү 100 миллиард рублду түзөт — бул 2025-жылдын 29-августундагы Орусиянын Борбордук Банкынын расмий курсу боюнча 1,2 миллиард долларга барабар.

“Олд Вектор” ЖЧКсы (Кыргыз Республикасы, 100%) — 2025-жылдын 19-февралында “А7А5” стейблкоин чыгарууну каттаган. Жалпы эмиссия көлөмү 100 миллиард рубль, бир активдин номиналдык баасы — 1 рубль, чыгарылган виртуалдык активдердин жалпы саны 100 миллиард даана”, — деп айтылат Финансылык көзөмөл кызматы “Акчабар” басылмасына берген расмий жоопто.

Эмиссиянын көлөмү компания үчүн гана эмес, өлкө боюнча да рекорддук көрсөткүчкө айланган. Салыштыра турган болсок, Кыргызстандагы 21 банктын жалпы төлөнгөн уставдык капиталы 147,1 миллиард сомду түзөт.

Массалык маалымат каражаттары А7А5 токенинин ишке кириши Орусиялык A7 компаниясы менен байланыштуу деп билдирет. Бул компания Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүү үчүн чек ара аралык эсептешүүлөрдү уюштуруу максатында түзүлгөн. 2025-жылдын май айында A7 компаниясы Улуу Британиянын санкциялар тизмесине кирип, андан кийин июль айында Евробиримдиктин чектөөлөрүнө дуушар болгон. А7А5 командасы июнь айында алгачкы этапта A7 компаниясынын техникалык командасы менен кызматташканын, бирок андан кийин стратегиялык айырмачылыктарга байланыштуу толук өз алдынча болгонун билдирген.

Улуу Британия 20-августта Олд Векторду санкциялык тизмеге киргизгенге чейин, токен расмий түрдө чектөөлөргө кирген эмес.

Ачык бюджет порталындагы маалыматка караганда, 2025-жылы Олд Вектор Кыргызстандын бюджети үчүн жалпысынан 363 миллиондон ашык сом салык жана төлөмдөрдү төлөгөн, анын ичинде бирдиктүү салык, Пенсиялык фондго каражаттар жана киреше салыктары бар. Мындай сумма жаңы компания үчүн активдүү ишмердүүлүктү көрсөтүп турат.

Чет элдик маалымат каражаттары А7А5 токенинин негизги жүгүртүүчү каналы катары криптобиржа Grinexти (Гринекс ЖЧК) белгилешет. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, “Гринекс ЖЧКсы Кыргызстанда өткөн жылы 23-декабрда катталган (Олд Вектор катталгандан он күндөн кийин). Компаниянын ишмердүүлүк багыты — каржы рынокторун башкаруу. Анын жетекчиси жана жалгыз негиздөөчүсү катары Дуулат-Эльдар Субанкулов көрсөтүлгөн. 

Кыргызстандык компания 2025-жылдын март айында санкциялардын негизинде блоктолгон орусиялык Garantex биржасынын мураскери катары аталууда. ЖМКнын версиясы боюнча, Garantex жабылган соң, чоң көлөмдөгү USDT токендери А7А5ке конвертацияланып, Grinex биржасына которулган. Ал эми Grinex өзүн көз карандысыз компания катары тааныштырууда жана Garantex менен “Олд Векторго” байланышын четке кагууда.

Grinex менен байланышкан капчыктар аркылуу өткөн жүгүртүүлөргө карабастан, Financial Times журналисттеринин эсептөөлөрүнө ылайык, стейблкоин аркылуу алгачкы төрт айда 9,3 миллиард долларлык транзакциялар жүргүзүлгөн. Бирок Grinex компаниясынан бюджетке лицензия алуу үчүн гана символикалык сумма — 1 миң сом мамлекеттик төлөм түрүндө түшкөн.

Дагы бир айырма бар. Чет элдик басылмаларда Grinex криптобиржа катары көрсөтүлсө да, расмий түрдө компания криптоалмаштыруучу (обменник) катары катталган. Финансылык көзөмөл кызматынан билдиришкендей, “Гринекс” ЖЧКсы виртуалдык активдерди тейлөөчү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн реестрине киргизилип, 2025-жылдын 25-апрелинде алмашуу оператору лицензиясын алган.

“Биз баса белгилегибиз келет, “Гринекс” ЖЧКсы виртуалдык активдердин соодасын жүргүзүүчү оператор эмес”, — деп айтылат Финансылык көзөмөл кызматында.


Тектеш материалды окуу