Akchabarsearch
Ипотекага кантип аз акча төлөсө болот? Көптөр билбеген лайфхактар
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2026-27-03, 15:58

Ипотекага кантип аз акча төлөсө болот? Көптөр билбеген лайфхактар

Улуттук банктын кыймылсыз мүлк рыногу боюнча акыркы изилдөөсү көрсөткөндөй, аянты болжол менен 54 чарчы метр болгон эки бөлмөлүү батирге акча топтоо үчүн бүгүнкү күндө кыргызстандыкка кеминде 7,5 жыл талап кылынат. Бул дээрлик идеалдуу шарттагы эсеп: эгерде эмгек акылардын өсүү темпи азыркыдай сакталса, инфляция ылдамдабаса жана турак жайдын баасы мындан ары дагы көтөрүлбөсө – көрсөткүч жогорудагыдай болот.

Бирок эгер баш калкалоочу жай сегиз жылдан кийин эмес, азыр керек болсочу? Жооп түшүнүктүү - ипотека. Дал ушундай жолду тандап, миңдеген үй-бүлөлөр банктардан 56 млрд сомдон ашык каражат алышкан.

Ооба, ипотека - бул көбүнчө 15-20 жылга созулган узак “марафон”. Бирок маанилүү жагдай бар: бирдей эле шарттагы кредитте да адамдар ар кандай көлөмдө ашыкча төлөп калышат. Айрымдары батирдин баасынан кыйла жогору сумманы банкка “белек” кылып коюшса, башкалары өз жүгүн бир топ азайта алышат.

Айырма банкта да, пайыздык ченде да эмес. Айырма - мамиледе, ыкмада.

Келиңиз, ипотеканы азыраак төлөөнүн жөнөкөй ыкмалардан тартып, кыйла өнүккөн ыкмаларга чейин чыныгы жолдорун карап чыгалы.

Чакан мөөнөттүү төлөмдөр чоң айырмачылыкты жаратат

Көпчүлүк адамдар төлөмдөрдү так график боюнча төлөшөт. Бирок Кыргызстандагы банктар көбүнчө мөөнөтүнөн мурда төлөөгө уруксат беришет.

Маанилүүсү - ай сайын төлөмгө кошумча 1-2 миң сом кошсоңуз да, негизги карызды азайтуу аркылуу ашыкча төлөмдү кыскартып, ипотеканы тезирээк жабууга болот.

Бул өзгөчө алгачкы жылдары натыйжалуу, анткени ошол учурда негизинен пайыздар гана төлөнөт.

Төлөмдү эмес, мөөнөттү кыскартыңыз

Мөөнөтүнөн мурда төлөгөндө банк эки вариант сунуштайт: ай сайынкы төлөмдү азайтуу же мөөнөттү кыскартуу. Мөөнөттү тандаңыз. Анткени дал ошол мөөнөт банкка канча пайыз төлөй турганыңызды аныктайт.

Кайра каржылоо - эгерде чен төмөндөсө

Ипотека 10-15 жылга алынганда бул узак аралык. Бул убакыт ичинде кредит рыногу өзгөрүшү мүмкүн.

Мисалы, 2026-жылдын январында ипотека боюнча орточо салмакталган пайыздык чен 17,08% түздү. Салыштырсак, 2016-жылы ал 25,53% деңгээлинде болгон. Айырма 8 пайыздык пункттан ашат - бул карыз алуучу ай сайын жоготкон реалдуу акча.

Көрсөтмө үчүн: ар бир 1 млн сом кредитте мындай айырма жылына 84,5 миң сом ашыкча төлөмдү түзөт.

Ошондуктан пайыздык чендин 2-3%га эле төмөндөшү да олуттуу натыйжа берет:

  •  ай сайынкы төлөмдү азайтат;
  • жылына он миңдеген сомду үнөмдөйт;
  • жалпы ашыкча төлөмдү кыскартат.

Дал ошондуктан рефинансылоо эң бааланбай келген инструменттердин бири болуп эсептелет.

Кызыгы, КР Улуттук банкынын статистикасына карасак, карыз алуучулар үчүн алтын мүмкүнчүлүк 2022-жылдын март айында ачылган. Ошол учурда сом менен берилген турак жай кредиттеринин орточо чени 8,09%га чейин түшкөн. Мындай шартта айрымдар дээрлик 1 млрд сомго жакын ипотека алышкан.

Жыйынтык жөнөкөй: рынок өзгөрүп турат, ал эми пайыздык чендерди көзөмөлдөп турган адам ипотеканын жалпы наркын олуттуу түрдө азайта алат.

Батир жарым-жартылай "өзүн-өзү төлөсүн"

Батир өзүң үчүн алынган күндө да, ал сиз үчүн иштей алат. Аны ижарага берүү айрыкча, убактылуу башка жерде жашоого мүмкүнчүлүк болсо, ипотекадагы жүктү олуттуу азайтып, ал тургай төлөмдүн чоң бөлүгүн жаап коюшу мүмкүн.

Бирок бул жерде маанилүү өзгөчөлүк мамлекеттик ипотекада бар. Мындай схемалар колдоого алынбайт, анткени программа башында киреше табуу үчүн эмес, турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн каралган.

Практика көрсөткөндөй, бул маселе дагы эле сезимтал бойдон калууда. Мисалы, МИК аркылуу курулган үйдөгү батир ижара жарыяларына чыгып кеткен учур коомдо чоң талкуу жараткан. Ал кезде батирди ижарага берүүгө түз тыюу жок болсо да, коомдук нааразычылык күч болгон.

Демек, ижарага берүү - иштей турган инструмент, бирок мамлекеттик ипотекага тиешелүү эмес.

"Акылдуу" стратегия

Дал ушул этапта көпчүлүк токтоп калат. Бирок чындыгында дал ушул жерден жөн гана үнөмдөө эмес, толук кандуу финансылык стратегия башталат.

Идея ипотека боюнча чыгымдарды азайтуу менен чектелбестен, ошол чыгымдарды жаап турган киреше булагын түзүү.

Азыр рынокто активдүү талкууланып жаткан инструменттердин бири – “Азия Сталь заводунун артыкчылыктуу акциялары.

Бул кадимки акциялар эмес, акция менен облигациянын ортосундагы гибрид сыяктуу. Негизги айырмасы туруктуу дивиденддер. Башкача айтканда, инвестор алдын ала кандай киреше алаарын түшүнөт.  

Эгерде сиз инвестицияларды ипотекадагы пайыздарды жабуу үчүн колдонгуңуз келсе бул өзгөчө маанилүү.

Проспект боюнча негизги параметрлер төмөнкүдөй:

  • бир акциянын баасы — 4 миң сом;
  • кирешелүүлүк — жылына 19%га чейин;
  • мөөнөтү — 36 ай;
  • төлөмдөр — квартал сайын;
  • минималдуу кирүү — 8 миң сомдон (2 акция).

Бул эмнеге ипотека үчүн пайдалуу? Анткени “Азия Сталь” акцияларынын кирешелүүлүгү турак жай кредити боюнча пайыздан жогору. Айырмасы - бул сиздин потенциалдуу пайдаңыз.

Чынында, мындай инвестиция ипотеканын пайыздарын жабууга, кредиттин реалдуу наркын азайтууга, ал эми мамлекеттик ипотекада кошумча киреше алып келүүгө да мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыргызстан банктарынын эң мыкты 7 ипотекалык программасы

Банк

Ставка и преимущества

АБанкот 16% в сомах до 120 месяцев
DemirBank от 16% в сомах до 8 лет
KICBот 18 % в сомах до 120 месяцев
MBANK22%  в сомах до 120 месяцев
Оптима Банкот 21% в сомах до 60 месяцев
Бакай Банкот 17% в сомах до 12 лет
ФинансКредитБанкот 22% в сомах до 15 лет

Эмне үчүн мындай схема мүмкүн? Анткени рынокто акчанын баасы ар башка. Тактап айтканда, бүгүн ипотека боюнча акча бизнес өнүктүрүүгө караганда арзаныраак турат. Дал ушул пайыздык чендердин айырмасы “ипотекадан акча табууга” мүмкүнчүлүк берет.

Бирок тобокелдиктерди да түшүнүү маанилүү. “Азия Сталь” акциялары депозит эмес, алар металл рыногундагы өзгөрүүлөргө, курулуш секторуна жана чийки заттын баасына көз каранды. Ошондуктан бул инструмент аң-сезимдүү, тобокелдиктерди түшүнгөн инвесторлор үчүн ылайыктуу.

Демек, ипотека боюнча азыраак төлөө толугу менен мүмкүн. Мунун бир нече деңгээли бар:

  • Базалык деңгээл — мөөнөтүнөн мурда төлөмдөр;
  • Орто деңгээл — ижарага берүү жана рефинансылоо;
  • Өнүккөн деңгээл — пайыздарды жаап турган инвестициялар.

Дал ушул акыркы деңгээлде ипотека жөн гана чыгым болбой, башкарылуучу финансылык инструментке айланат.


Тектеш материалды окуу