Akchabarsearch
    Жарым жылда кыргызстандыктар банктык карталарынан 15 млн сом уурдатышты
    Сүрөт алынган жер: DALL·E

    Жарыяланган

    2024-30-09, 11:18

    Жарым жылда кыргызстандыктар банктык карталарынан 15 млн сом уурдатышты

    2024-жылдын 1-кварталында банктык карталардан тыяусуз акча алуулардын саны азайганына карабастан, дагы эле 104 мындай окуя катталып, анын натыйжасында 1,6 миллион сомдук зыян келтирилген. Бул уруксатсыз транзакциялардын бардыгы онлайн режиминде жүргүзүлүп, негизги максат Visa карталары болгон.

    104 инциденттин 103ү Visa карталарына тиешелүү, ар бир транзакциядан орточо зыян 15 миң 408 сомду түзгөн. Өлкөнүн “Элкарт” улуттук төлөм системасынын карт ээлери бир гана уруксатсыз транзакцияны катташкан, анын натыйжасында 19,8 миң сом жоголгон.

    Кошумчалай кетсек, бул мезгил аралыгында MasterCard карталары менен алдамчылык боюнча бир дагы учур катталган эмес.

    Бул көрсөткүчтөргө карабастан, биринчи кварталда карт ээлеринин акча жоготуулары 2023-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу кыйла аз болгон, анда 4,6 миллион сом уурдалган. Андан кийин Visa колдонуучулары 4,4 миллион сом, “Элкарттын” колдонуучулары 109,7 миң сом, ал эми уруксатсыз транзакциялардын натыйжасында MasterCard’тын үлүшү 75,3 миң сомду түздү.

    Бирок, шылуундар аракеттерин кыска мөөнөткө гана токтоткондуктан, ал көпкө созулган жок. 2024-жылдын экинчи чейрегинде уруксатсыз транзакциялардын саны кескин өсүп, мурунку жылдагыдай эле көп акча жоголгон. Кыргызстандын Улуттук банкы берген маалыматка ылайык, бул мезгилде Visa карталары менен 568, Элкарт картасы менен бир уруксатсыз транзакция катталган.

    Мындан улам керектөөчүлөргө олуттуу финансылык зыян келген. Visa картасынын ээлери 13,6 миллион сом жоготсо, “Элкарт” боюнча 3 миң сомду гана түзгөн. Visa карталарынан бир транзакцияда уурдалган орточо сумма 24 миң 17 сомго чейин өскөн.

    Салыштырсак, 2023-жылдын экинчи кварталында 301 уруксатсыз транзакциялар катталып, натыйжада жалпысынан 4,1 миллион сом зыян келтирилген. Бул карталардан уурдалган сумма 3,3 эсеге, ал эми алдамчылык транзакциялардын саны дээрлик эки эсеге өскөнүн билдирет.

    “Карттан уруксатсыз акча алуулардын болжолдуу көлөмү карт операцияларынын жалпы көлөмүнүн 0,005%ын гана түзөт. Тергөө иштери жүрүп жатат, акча каражаттарын кайтаруу процесси төлөм системасынын эрежелерине ылайык жүргүзүлүүдө”, - деп белгиледи Улуттук банк.

    Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктар Кыргызстандын аймагында банкоматтарды же терминалдарды колдонуу менен чет элдик банк карталарынан уруксатсыз акча алуу боюнча 65 факты каттаган. Ошентип, Кыргызстандагы банктардын банкоматтарынан чет элдик банктардын карталары аркылуу 1,7 млн сом чыгарылган.


    Тектеш материалды окуу

    • Төлөм адаттары: дүйнөдө жана Кыргызстанда финансылык жүрүм-турум кандай өзгөрүүдө

      Дүйнө жүзүндөгү адамдардын төлөм адаттары тездик менен өзгөрүүдө – накталай эмес жана санариптик төлөм ыкмаларынын өсүшү экономиканы өзгөртүп, бизнес моделдерге таасирин тийгизүүдө жана мамлекеттик жөнгө салуучу органдардан жаңы мамилени талап кылууда. Кыргызстан КМШнын башка өлкөлөрүндөй эле бул өзгөрүп жаткан каржы системасынан өзүнүн ордун активдүү издөөдө
      2025-21-05 04:52:59
    • Кыргызстандыктардын айлыгы өсүп жатат, бирок жашоого жетеби?

      Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү кирешенин өсүү темпи боюнча рекорддук көрсөткүчтөрдү билдиришүүдө, бирок резиденттердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү канчалык реалдуу? Кыргызстан кызыктуу динамикасын көрсөтүүдө – айлыктар өсүп жатат, бирок жашоонун сапаты өзгөрдүбү
      2025-10-04 13:00:59
    • Кыргызстанда NFC-стикерге кызыккандар арбыды. Ал кимге жана эмне үчүн керек?

      Азыркы мезгилде көптөгөн жарандар убактысын текке кетиргиси келбейт, айрыкча дүкөндө акча төлөөгө келгенде бир-эки көз ирмем узактай сезилет. Акчаны электрондук капчык менен төлөсө да, тиркеменин ачылганын, акча түшкөнүн күтүү –убакыт бошко кетип жаткандай туюлат. Ошондон улам Кыргызстандын банктары жана компаниялары NFC-стикерлерин – бир тийип төлөй ала турган кичинекей жабдыктарды сунуштап жатат
      2025-17-03 04:00:50
    • Банкка акча салып, киреше табуунун сыры: Көбүрөөк акча табыш үчүн депозитти качан ачуу керек?

      Акчаны банкта сактоо коопсуз гана эмес, кирешелүү да десе болот. Муну көптөгөн кыргызстандыктар да жакшы билишет. Аны депозитке салынган акчалардын көбөйгөнү да тастыктап турат: январь айынын аягына карата депозиттердин жалпы суммасы 661,3 млрд сомго жетип, анын 204,9 млрд сому жарандар салган акча.
      2025-12-03 05:44:47