Akchabarsearch
1-апрелден тарта жүктөм маалындагы электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Жарыяланган

2026-24-03, 12:51

1-апрелден тарта жүктөм маалындагы электр энергиясына киргизилген чектөөлөр алынат

Кыргызстанда 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгили аяктаганына байланыштуу 1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген электр кубаттуулугуна болгон чектөөлөр толугу менен алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнү тең салмакта кармоо максатында убактылуу чектөөлөр киргизилген. Жогорку жүктөм маалдары эртең менен 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин белгиленип, ушул убакыттарда керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук азайтылган.

Тактап айтканда, 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин, ал эми 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн 8 кВттан 5 кВтка чейин төмөндөтүлгөн.

Расмий маалыматтарга караганда, 2025-жылы өлкөдө электр энергиясын керектөө 19 094,8 млн кВт·саатты түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга өскөн. Бул өсүш турак жай курулушунун көбөйүшү, керектөөчүлөрдүн санынын өсүшү жана жаңы объекттердин электр тармактарына кошулушу менен түшүндүрүлөт.

2026-жылдын башына карата өлкөдө жалпы керектөөчүлөрдүн саны 1,62 миллиондон ашып, алардын ичинен 1,5 миллиондон ашыгы тиричилик абоненттери болуп саналат.

Энергетика министрлиги белгилегендей, күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин алкагында жабдуулар жаңыланып, ири ГЭСтер реконструкцияланып, кошумча кубаттуулуктар ишке берилген. Натыйжада кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз камсыздалып, чектөөлөр туруктуу энергетикалык системаны сактоо максатында гана убактылуу колдонулган.

Министрлик кубаттуулукка болгон чектөөлөр «Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине», келишимдерге жана техникалык шарттарга ылайык киргизилип, өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуулугун камсыздоого багытталганын кошумчалады.


Тектеш материалды окуу