
Жарыяланган
2026-08-07, 17:202026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда энергетика тармагындагы мыйзам бузуулар үчүн 3 млн 267 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын директору Жаныбек Алимбеков билдирди.
Анын айтымында, алты ай ичинде кызмат тарабынан 692 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзам талаптарын бузган 4 899 учур аныкталган.
Мыйзам бузууларды жоюу үчүн энергетикалык компанияларга жана башка субъекттерге 377 милдеттүү көрсөтмө берилген. Ошондой эле 235 административдик протокол түзүлүп, алардын негизинде жалпы 3 млн 267 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, Бишкектеги 12 жеке трансформатордук көмөк чордон текшерилип, анын жыйынтыгында 18 административдик протокол түзүлгөн. Бул боюнча 221 миң сом айып пул салынган.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган алты трансформатордук көмөк чордон электр тармагынан убактылуу ажыратылган. Кемчиликтер жоюлгандан кийин алар кайрадан электр тармагына кошулган.



