Akchabarsearch
1-октярдан кийин орточо пенсия 12.9 миң сомду түзөт

Жарыяланган

2026-17-08, 16:13

1-октярдан кийин орточо пенсия 12.9 миң сомду түзөт

1-октябрдан тарта 8.8 миң сомго чейин пенсия алгандардын пенсиясы орточо 141%га, ал ми 8.8 миңден көп алгандардыкы 120%га көбөйөт. Бул тууралуу кезектеги аппараттык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Пенсиялар көтөрүлгөндөн кийин өлкөдөгү орточо пенсия 12 миң 898 сомду түзүп калат. Ал эми пенсия орточо 1 миң 753 сомго көбөйөт.

1-октярдан баштап Кыргызстандагы эң аз пенсия 8.8 миң сомду түзөт.

Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге пенсияны көтөрүү боюнча эсеп-кысаптарды жүргүзүүнү, пенсияны өз убагында төлөөгө толук даярдык көрүүнү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барууну тапшырган. 


Тектеш материалды окуу