
Жарыяланган
2026-17-08, 16:53Кыргызстанда келерки жылдан тарта "Мал аман" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ошол ишканада иштей баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана мал доктурларды шыктандыруу максатында аталган ишкананы түзүү пландалууда.
Жаңы ишканага алгач 1.5 миңге жакын жеке ветеринар ишке алынат. Алар мамлекеттик тапшырмаларды, анын ичинде малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана тиешелүү ветеринардык иштерди аткарышат.
Мамлекеттик тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарган ветеринарларга айлык акы төлөнөт. Мындан тышкары, ветеринарлар малды дарылоо, операция жасоо жана башка ветеринардык кызматтарды көрсөтүп жарандардан акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
"Ветеринарлардын айлык акысы 30–40 миң сомдун тегерегинде болот. Ошондой эле алардын ишинин натыйжасына жараша кошумча бонустар каралып, жалпы киреше 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
«Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтомдун долбоору учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу баскычында турат. Ишкананы толук кандуу ишке киргизүү жаңы жылдан тарта пландалууда", - деп айтылат маалыматта.



