
Жарыяланган
2026-17-08, 18:25Бишкек шаарында 17-августка карата Аи-92 бензининин орточо баасы 87.9 сомду түздү. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, АИ-95 бензини борбор калаада орточо - 109.9 сом, дизель майы - 99.9 сом жана суютулган газ - 48.8 сом турат.
Монополияга каршы кызматтын маалыматы (баалар сом менен көрсөтүлгөн):

Мекеме берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда АИ-92, АИ-95 бензиндери, дизель майы Казакстан, Россия, Беларуска караганда кымбат болбосо, Армения, Тажикстан, Өзбекстандыкынан арзан.
Ал эми суютулган газ Казакстан, Россия, Беларус жана Өзбекстандан кымбат, Армения менен Тажикстандыкынан арзан.



