
Жарыяланган
2026-17-08, 17:462026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 526.2 млн сомго цианид импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Беш айда өлкөгө жалпы 2 миң 133 тонна цианид ташып келинген.
Цианид Кыргызстанга Казакстан (1 миң 658 тонна), Кытай (380 тонна) жана Грузиядан (95 тонна) импорттолгон.
2025-жылдын январь-май айларына караганда быйылкысында цианиддин импорту 352.6 тоннага азайган. Былтыр беш айда Кыргызстанга 2 миң 485.6 тонна цианид импорттолгон.
Эскерте кетсек, цианиддер алтын-күмүштү кенден ажыратып алууда жана башка тармактарда колдонулат.



