Жарыяланган
2025-23-10, 16:58Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, өлкөдө октябрь айынын аягына жете турган бензин жана дизель майынын запасы калды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Аталган кызматтын божомолу боюнча, өлкөдө күйүүчү майдын баасы кеминде 15%га кымбатташы мүмкүн. Мындан улам баалар кескин көтөрүлбөшү үчүн Монополияга каршы кызмат күйүүчү майдан салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү (акциздик салык, кошумча нарк салыгы, Жол фондуна алынган 1 сом, маркалоо, экологиялык алым, күйүүчү майды сертификациялоо ж.б.) убактылуу албай турууну сунуштоодо. Себеби алар күйүүчү майдын баасынын 20%ын түзөт.
Ошондой эле мунай продукциясын ташыган кыргызстандык компанияларга россиялык мунай иштеткен ишканалардан бензин менен дизелди жаңы кымбатыраак баада сатып алуу үчүн насыя берүүнү сунуш кылууда. Өз кезегинде мунай ташуучулар жыл аягына чейин күйүүчү майды үзгүлтүксүз камсыз кылууга даяр экенин билдирген.
Кыргызстан жылына 1.4 млн тонна бензин жана дизель майын керектейт. Күйүүчү майдын басымдуу бөлүгү Россиядан алынат. Келишимге ылайык Россия Кыргызстанга 1.2 млн тонна күйүүчү майды (650 миң тонна бензин жана 450 миң тонна дизель майы) бажы төлөмүсүз сатат. Кыргызстанда күйүүчү майды керектөө жыл сайын артып жаткандыктан Россияга бажы төлөмүсүз сатып алына турган күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүү сунуштоо пландалууда.