Жарыяланган
2025-23-10, 17:44УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кышында жарыкты өчүрбөөнү тапшырды.
Ташиев өлкөнүн энергетика тармагы буга чейин оор абалда калганын, электр жабдуулар эскирип, имараттары жаңыланбай келгенин, акыркы 3-4 жылда энергетика тармагында бир катар иштер аткарылып, оңоло баштаганын айтты.
Сөзүн улай Камчыбек Ташиев быйыл суу аз болгонун, бирок ага карабай эч жерде жарык өчпөшү керектигин билдирди.
"Элдин жашоосуна оорчулук келтирилбеши керек. Бул биздин энергетиктерге тапшырма", - деди ал.