Akchabarsearch
10-региондун коду бар унаа: Темир тулпарды үй-бүлө мүчөсүнө айдаганы бергенге уруксат берилиши мүмкүн

Жарыяланган

2025-24-12, 17:06

10-региондун коду бар унаа: Темир тулпарды үй-бүлө мүчөсүнө айдаганы бергенге уруксат берилиши мүмкүн

Мыйзамдаштырылып, 10-региондун коду берилген унааны темир тулпардын ээсинин үй-бүлөсүндөгү адамдарга айдаганга уруксат берилиши мүмкүн. 

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева мыйзамдаштырылган унаалардын ээлерине аны сатууга, үй-бүлөсүндөгү адамдарга да айдаганга берүүгү тыюу салынганын белгилеп, аталган унааны сатууга да, үй-бүлө мүчөлөрүнө айдаганга берүүгө жол ачуу керектигин билдирди. 

Экономика министринин орун басары Искендер Асылкуловдун айтымында, мыйзамдаштыруудан өткөн унаалар өлкөгө тиешелүү документтерсиз алып келинген. Мындан улам өлкөгө унааны мыйзамдуу алып келген жарандар: “биз керектүү алымдарды, салыктарды төлөдүк, алардын унаасын эмнеге мыйзамдаштырып койдуңар?” деген маселени көтөргөн. Ошондуктан министрлик мыйзамдаштырылган унааны сатууга болбойт деген норманы киргизишкен. 

Ошол эле учурда Асыкулов мыйзамдаштырылган унааны анын ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө айдаганга уруксат берүү боюнча тиешелүү сунуштарды даярдап, өкмөткө киргизе турганын билдирди. 

Эскерте кетсек, чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу быйыл 1-апрелде башталып, 1-октябрда аяктаган. Өкмөттүн азыркы токтому боюнча, ал темир тулпарларды башка бирөөгө сатууга, өлкөдөн чыгарууга тыюу салынат. Ошондой эле ал унааны башка адамга айдаганга бергенге болбойт.

Унаанын ээси аны эки учурда гана аялына же балдарына (же камкорчуга) калтыра алат. 

1. Мыйзамдаштырылган унаанын ээси каза болсо, темир тулпар аялына же балдарынын бирине мураска калат.

2. Мыйзамдаштырылган темир тулпардын ээси акыл-эсинен ажырап, өз кыймыл-аракетине жооп бере албай калса, унааны аялы же балдарынын бири (же камкорчусу) айдап жүргөнгө уруксат.


Тектеш материалды окуу