Akchabarsearch
Чет элдик номерлүү унаасын мыйзамдаштырууга үлгүрбөй калгандарга дагы бир мүмкүндүк берүү сунушталды

Жарыяланган

2025-24-12, 15:13

Чет элдик номерлүү унаасын мыйзамдаштырууга үлгүрбөй калгандарга дагы бир мүмкүндүк берүү сунушталды

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев чет элдик номерлүү унааларын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандарга темир тулпарын каттап алууга дагы бир мүмкүндүк берүүнү сунуштады.

Маматалиев ар кандай себептер менен чет элдик номерлүү унааларын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандар дагы деле көп экенин белгиледи. 

“Россияда иштеп жүрүп, келе албай, бул жакта жүрүп, акчасы болбой, мыйзамдыштара албай калгандар бар. Алардын саны дагы деле көп экен. Аларга дагы бир мүмкүнчүлүк берип, жарандарыбызга жардам берип койбойлубу”, - деди ал. 

Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов аларга да ушундай сунуштар түшүп жатканын, бирок мыйзамдаштырууга үлгүрбөй калган жарандардын так саны билинбей жатканын билдирди. 

“Дагы канча унаа бар экени боюнча иш алып барабыз. Так санын тактагандан кийин сунушубузду беребиз”, - деди ал.

Маматалиев мыйзамдаштырыла элек унаалардын санын такташууга жардам бере турганын айтып, бул боюнча чогуу иштөөнү сунуштады.

Асылкулов депутаттын сунушуна макул болду. 

Асылкуовдун айтымында, быйыл 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгүнөн бюджетке 1.8 млрд сомдон ашык акча түштү. 


Тектеш материалды окуу