
Жарыяланган
2025-24-12, 15:04Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2026-жылга карата эмгек акыны масштабдуу түрдө жогорулатуу планын тааныштырды.
Анын айтымында, бул чечим 2022-жылдан берки эң ири жана маанилүү кадамдардын бири болмокчу.
Өкмөт башчысы быйыл техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, жарандык жана штаттан тышкаркы кызматкерлердин айлыгы жогорулаганын эске салды.
Мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн, аскер кызматкерлеринин, илимпоздордун, судьялардын, Салык жана Бажы кызматтарынын жана башка бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлгөн.
Ал эми 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо, маданият жана спорт тармактарындагы кызматкерлердин, ошондой эле кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы кеминде 50%га көтөрүлөт.
Ошондой эле 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жарандык жана техникалык кызматкерлерине кошумча төлөмдөр 50% чейин көбөйтүлмөкчү.



