Akchabarsearch
Кеминде цемент заводу салынууда

Жарыяланган

2025-24-12, 18:01

Кеминде цемент заводу салынууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районундагы цемент заводунун курулушун көргөнү барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов Садыр Жапаровго айтып бергендей, ишкана салынгандан кийин ал күнүнө 3200 тонна клинкер чыгарып турат. Учурда анын курулушунда 300дөн ашык киши иштесе, ишкана ачылгандан кийин 500дөн ашык жумушчу иштей баштайт. 

Ишкана 2027-жылы ишке берилет деп пландалууда. 

Садыр Жапаров курулушту өз убагында бүткөрүү зарылдыгыны белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу