Akchabarsearch
10-сентябрдан тарта Кыргызстанга балык жемин импорттоого алты айга тыюу салынат

Жарыяланган

2026-09-09, 15:20

10-сентябрдан тарта Кыргызстанга балык жемин импорттоого алты айга тыюу салынат

10-сентябрдан тарта Кыргызстанга балык жемин импорттоого алты айга тыюу салынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 9-сентябрда министр Эрлист Акунбеков өлкө ичинде балык жемдерин чыгарган «Тянь-Шань Форель», «Биожем», «Салих Аква» жана «Аквавин» компанияларынын жетекчилери менен жолугуп, ички рынокту жем менен камсыз кылуу маселесин талкуулаган. 

Акунбеков 10-сентябрдан тарта балык жемин импорттоого тыюу салынарын белгилеп, аталган компаниялар балык өстүргөн ишкерлерге жемди 200 сомдон ашырбай сатууну жана жемдин сапаты Европаныкынан кем болбой турганын убада кылышканын айтты. 

Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдөгү жем чыгарган компаниялар жылына 70 миң тоннага чейин продукция өндүрө алышат.

Кыргызстанда жылына 20 миң тоннага жакын балык өндүрүлсө, анын көбү Россияга экспорттолот. 


Тектеш материалды окуу