Akchabarsearch
Кочкор менен Жумгалда жүгөрүдөн чыктуу тоют даярдалууда

Жарыяланган

2026-09-09, 16:31

Кочкор менен Жумгалда жүгөрүдөн чыктуу тоют даярдалууда

Нарынданы Кочкор менен Жумгал райондорунда жүгөрүдөн чыктуу тоют камдоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Чыктуу тоют дайындоо үчүн Кочкордо 52 гектар, Жумгалда 207 гектар жерге жүгөрү айдалган. Учурда жүгөрүнү жыйнап, андан тоют даярдоо иштери жүрүүдө.  

Облус башчысы Нурбек Сатаров аткарылып жаткан иштерди көрүп, мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн тоют базасын чыңдоо, сапаттуу тоют даярдоону көбөйтүү жана бул багыттагы иштерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгилеген.


Тектеш материалды окуу