
Жарыяланган
2026-09-09, 15:08Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) жашыл жана туруктуу каржылоо боюнча Кыргызстанда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Бул маалымат 9-сентябрда Астанада өткөн Туруктуу каржылоо боюнча Түрк кеңешинин экинчи жыйынында айтылды. Жыйын Astana Finance Days 2026 эл аралык форумунун алкагында өттү.
Жыйында Кыргызстанды КФБнын башкы директору Аида Чодулова тааныштырды. Ал өлкөдө туруктуу өнүгүү долбоорлоруна инвестиция тартуу үчүн зарыл болгон каржылык шарттар түзүлүп жатканын айтты.
Анын маалыматына караганда, 2022-жылдан бери КФБда туруктуу облигацияларды жайгаштыруунун көлөмү үч эсеге өскөн.
Бул облигациялардан түшкөн каражаттар жашыл экономика жана энергияны үнөмдөө долбоорлоруна, аялдардын ишкердигин колдоого, социалдык инфраструктураны жана туруктуу бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле экологиялык жана климаттык долбоорлорго жумшалууда.
Учурда КФБда Туруктуу өнүгүү сектору иштейт. Биржада жашыл, социалдык, гендердик, ESG жана туруктуу өнүгүү облигацияларын жайгаштыруу боюнча тажрыйба бар.
Аида Чодулова туруктуу каржылоо Кыргызстанга инвестиция тартуунун маанилүү инструменттеринин бирине айланып жатканын белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстанда 2029-жылга чейин Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилгенин, ESG принциптерин киргизүү боюнча концепция кабыл алынганын жана 2026–2030-жылдарга Климаттык инвестициялык программа ишке ашырылып жатканын билдирди. Мындан тышкары, «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.
Жыйында өлкөлөр жашыл каржылоону өнүктүрүү, ESG принциптерин киргизүү, каржы рыногун жакшыртуу жана Түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
КФБ чет өлкөлүк биржалар, каржы уюмдары жана өнүктүрүү институттары менен кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.



