Akchabarsearch
Каржы министрлиги 2026-жылдын башынан бери казына облигацияларына 12.1 млрд сом төлөдү

Жарыяланган

2026-28-08, 15:09

Каржы министрлиги 2026-жылдын башынан бери казына облигацияларына 12.1 млрд сом төлөдү

Каржы министрлиги 2026-жылдын башынан бери казына облигацияларынын ээлерине 12.1 млрд сом төлөп берди. Бул тууралуу министрликтин мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.

Бул багыттагы чыгымдар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48.5%га же 4 млрд сомго көбөйгөн.

2025-жылы Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан 134.2 млрд сом киреше алган. Анын ичинен 131.5 млрд сом казына облигацияларын чыгаруудан түшкөн.

2026-жылдын жыйынтыгы боюнча министрлик мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан 56.1 млрд сом түшөт деп күтүп жатат. Бул сумма республикалык бюджет тууралуу мыйзамда белгиленген.


Тектеш материалды окуу