
Жарыяланган
2026-28-08, 10:33Каржы министрлиги сентябрь айында жалпы 1 млрд 850 млн сомго мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштырууну пландоодо. Анын басымдуу бөлүгү 10 жылдык облигациялар болот. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Бир айда облигацияларды сатуу боюнча төрт аукцион өткөрүлүп, беш чыгарылыш болот:
• 4-сентябрда — 250 млн сомдук 10 жылдык облигациялар;
• 11-сентябрда — 650 млн сомдук 10 жылдык облигациялар;
• 18-сентябрда — 350 млн сомдук 3 жылдык жана 250 млн сомдук 10 жылдык облигациялар;
• 25-сентябрда — 350 млн сомдук 10 жылдык облигациялар.
Жалпы көлөмдүн 1.5 млрд сому же 81.1%ы 10 жылдык мамлекеттик облигацияларга туура келет. Алар 8% үстөк пайыз менен жайгаштырылат.
Калган 350 млн сом 3 жылдык облигацияларды чыгаруу аркылуу тартылат. Алардын купондук чени 5% деп белгиленген.
Баалуу кагаздарды чыгаруу күндөрү тиешелүүлүгүнө жараша 7, 14, 21 жана 28-сентябрга белгиленген.
Мамлекеттик казыналык облигациялар Каржы министрлиги тарабынан ички рыноктон каражат тартуу үчүн чыгарылат.



