
Жарыяланган
2025-23-12, 16:31Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында депутат Жумабек Салымбеков тигүү тармагында иштеген жарандардын маселесин көтөрдү.
Салымбековдун айтымында, учурда тигүү фабрикаларынан буйрутма алып, үйлөрүндө кийим-кече тигип оокат кылган жарандар жумушсуз калууда.
“Айыл жерлерде миңдеген кишилер үйлөрүнөн тигип, аны фабрикаларга тапшырышат. Ошондой үй-бүлөлөр, миң эмес, 100 миңдеген адам азыр ишсиз калып жатышат. Эмнеге ишсиз калып жатат дегенде, бизде тигилген продукция Россияга өтпөй калды. Россиянын өкүлдөрү кошумча нарк салыгын төлөгөнүн, маркалоону карайлы деп жатышат. Эми бул маселени өкмөт деңгээлинде чечпесе, 100 миңдеген кишилер жумушсуз калып жатат”, - деди ал.
Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов аталган маселе жеңил өнөр жай тармагындагы көйгөй болуп жатканын белгилеп, аны 2026-жылы 1-январга чейин чечүүгө аракет кылып жатышканын билдирди. Шыкмаматов бул маселе президенттин көзөмөлүндө экенин айтты.



