Akchabarsearch
13.9 млн сомго тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-18-05, 16:01

13.9 млн сомго тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыяланды

Ички иштер министрлигинин башкы каржы-чарбалык башкармалыгы тез жардам унаасын (реанимобиль) сатып алууга 13 млн 929 миң сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Сунуштар 2026-жылдын 21-майына чейин кабыл алынат.

Тендердин алкагында бир даана тез жардам унаасы сатып алынат. 

Жеңүүчү компания унааны келишим түзүлгөндөн кийин 50 күндүн ичинде жеткирүүгө милдеттүү.

Тендерге катышуучулар буга чейин ушундай эле товарларды жеткирген тажрыйбасын көрсөтүшү керек. Ошондой эле, лицензия жана салык боюнча карызы жок экенин ырастаган маалымкаттар талап кылынат.

Төлөмдүн 10%ы алдын ала берилет, калган 90%ы унаа толук жеткирилгенден кийин төлөнөт. Унаага 2 жыл же 100 миң чакырым жүрүүгө чейин кепилдик берилиши керек.
 


Тектеш материалды окуу