Akchabarsearch
Айыл чарба техникаларын сатып алууга 116 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-20-05, 11:07

Айыл чарба техникаларын сатып алууга 116 млн сомдук тендер жарыяланды

Айыл чарба министрлигине караштуу Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору айыл чарба техникасын сатып алууга 116 млн 54 миң 202 сомдук тендер жарыялады.

Маалыматка ылайык, техника Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту (КДИИИ) жана айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча мамлекеттик мекемелер үчүн алынат.

Жалпы 17 техника сатып алынат. Алардын ичинде тракторлор, комбайндар, ар түрдүү сеялкалар, картошка отургузуучу техникалар, культиваторлор, чөп престөөчү техника, үрөн тазалоочу машина, агродрон, микроавтобус жана пикап бар.

Эң ири лот комбайндарды сатып алууга каралган. Анын баасы 36.7 млн сомду түзөт. Ошондой эле КДИИИ үчүн тракторлорго жана соколорго 20.9 млн сом, ал эми пикап унааларын сатып алууга 7.7 млн сом пландалган.

Жабдуучулар тендерге катышуу үчүн акыркы беш жылдагы окшош жеткирүүлөр боюнча тажрыйбасын, салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы жок экенин, ошондой эле Кыргызстан аймагында тейлөө борбору бар экенин тастыкташы керек.

Техникалар келишим түзүлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде жеткирилиши зарыл. Тендердик сунуштар 2026-жылдын 8-июнуна чейин кабыл алынат.
 


Тектеш материалды окуу