
Жарыяланган
2026-16-01, 15:41140 миң 264 адам “Түндүк” аркылуу насыя алууга өзүнө тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул 1-ноябрдан 16-январга чейинки көрсөткүч.
Эске салсак, “бирөө-жарым менин атымдан онлайн насыя албасын” деген жарандар шылуундардан сактануу үчүн өзүнө-өзү насыя алууга тыюу сала алат. Жаран тыюу салууну иштеткенден кийин банктар анын атына насыя бербеши керек.
Былтыр ноябрь айынан тарта мындай тыюуну “Түндүк” тиркемеси аркылуу да кылып коюуга шарт түзүлгөн. Мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.



