
Жарыяланган
2026-07-01, 14:01Кыргызстандын банктарында насыясын убагында төлөй албаган жарандардын саны көбөйүүдө. 2025-жылдын 31-октябрына карата, төлөм мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жалпы суммасы 8 миллиард сомду түздү.
Жыл башынан бери мөөнөтү өткөн карыздардын көлөмү 1.6 миллиард сомго же 25.3%га өстү. Бул көрсөткүч насыя берүү темпинин тездеши менен кошо төлөбөгөндөрдүн да көбөйүп жатканын кабарлайт.
Банктарда тобокелдиги жогору деп эсептеген насыялардын көлөмү 51.4 миллиард сомго жетти. Бул жалпы берилген насыялардын 10.8%ын түзөт.
Салыштырсак, 2024-жылдын аягында бул сумма 36.6 миллиард сом болчу — бир жылда кооптуу карыздар 15 миллиард сомго көбөйгөн.
Башка банктардан айырмаланып, ислам принциптери менен иштеген тармактарда абал жакшырууда. Мында мөөнөтү өткөн карыздар жыл башынан бери 18%га азайып, 300 миллион сомду түзгөн.



