Жарыяланган
2025-22-06, 15:11УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ысык-Көл районундагы жана Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын тегерек-четин көрктөндүрүү маселеси талкууланган жыйында айыл өкмөт башчыны сынга алды.
Ташиев райондогу айланма жолдун ортосу каралбай калганын, гүл-бак тигилбегенин сынга алып, айыл өкмөт башчыдан ал жерди көрктөндүрүүгө канча каражат кетерин сурады.
Аткаминер жолду асфальттап, көрктөндүрүүгө 2-3 млн сом кетерин айтты.
Ташиев жолго асфальтталганын, болгону гүл-бак отургузганга канча акча сарптала турганын сурады.
Айыл өкмөт башчы 1.5 млн сом деп жооп берди.
Камчыбек Ташиев анын жообуна ачууланып, 1.5 млн сом эмес 50 миң сом кетерин айтты.
"1.5 млн деп кантип айтып жатасың?! Ошол айланма жолдун ортосун жасап койгонго 50 миң сом кетет. 50 миң сом. Каяктагы 1.5 млн? Уялбайсыңбы? Ал жерге 100 гүл, 10 чакты бак тигип, сууну тартып коюш керек. Болду! 50-60 миң сом акча кетет. Сен 1.5 млн сом деп отурасың. 153 млн сом бюджетин бар экен. Эмне деген жетекчисиң?!", – деди ал.
Сөзүн улай Ташиев Ысык-Көл районунун акимине кайрылып, чарбачыл эмес, иштин көзүн билбеген жетекчилерди иштен алуу керектигин айтты.
Ташиев кайра акйыл өкмөт башчыга кайрылып, элдин акчасын бейчеки корото турган болсо, камала турганын билдирди.
"Сага окшоп 50 миң сомдук жумушту 1.5 млн сомго аткарам деген жетекчилер иштебеш керек. Антип элдин акчасын чача турган болсоң, сени камаш керек!", - деди ал.