Akchabarsearch
    Айыл Банк жылдык 8% үстөк менен автокредит сунуштайт — кантип алууга болот?

    Жарыяланган

    2025-20-06, 17:22

    Айыл Банк жылдык 8% үстөк менен автокредит сунуштайт — кантип алууга болот?

    Эми Кыргызстанда чыгарган жеңил жана жүк ташуучу унааларды «Улуттук авто» мамлекеттик кредиттик программасы аркылуу сатып алуу оңой. Бул кредитти жарандар, ишканалар, уюмдар жана мамлекеттик мекемелер ала алат. 

    Программа аркылуу Chevrolet’тин Damas, Labo, Cobalt, Onix, Tracker үлгүсүндөгү жана ISUZU NPR 75L жүк ташуучу унааларын сатып алууга болот. 

    Жарандарга 5 млн. сомго чейин, ал эми ишкана-мекемелерге 300 млн. сомго чейин кредит берилет. Кредиттин мөөнөтү — 60 айга чейин, жылдык чен — 8%. 

    Баштапкы төлөм 20%дан (3 млн сомго чейинки  кредит үчүн) же 30%дан (3 млн сомдон ашкан кредит үчүн) кем эмес болуп, сатып алынган унаа күрөө катары коюлат. Автоунаа кредит мөөнөтү аяктаганга чейин милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек. 

    Толук маалымат ab.kg сайтында.


    Тектеш материалды окуу