Akchabarsearch
    Баткенде багбан кунарсыз жайытты ижарага алып, өрүк өстүрүүдө

    Жарыяланган

    2025-20-06, 17:58

    Баткенде багбан кунарсыз жайытты ижарага алып, өрүк өстүрүүдө

    Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагындагы кунарсыз жайыттар өздөштүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Багбан Толубай Жалилов былтыр октябрда 20 гектар кунарсыз жайыт жерди 20 жылга ижарага алып, суу чыгарып, көлмө жасап, тамчылатып сугаруу системасын орноткон. Жердин тегерек-четин тоскон. 

    Ал 7 гектар жерге 4,5 миң түп өрүк тиккен. Күзүндө калган 13 гектар жерге көчөт отургузат. 

    Өрүк түшүм бергенге чейин кеткен чыгашасын жапканга киреше болуп турсун деп багбан көчөттөрдү бойлой помидор менен дарбыз тигип койгон. 

    Өлкө боюнча 614 миң гектар кунарсыз жайыттар бар. Министрлик жарандарды ушул жерлерди ижарага алып, иштетүүгө чакырат. 


    Тектеш материалды окуу