Akchabarsearch
    АКШ кыргызстандыктарга виза алууну татаалдатышы мүмкүн. ТИМ себебин айтты

    Жарыяланган

    2025-20-06, 15:26

    АКШ кыргызстандыктарга виза алууну татаалдатышы мүмкүн. ТИМ себебин айтты

    Тышкы иштер министрлиги АКШ барган кыргызстандык жарандардын визалык тартипти көп бузуп жатканынын айынан өлкөнүн бардык жарандары үчүн чектөөлөр киргизилиш мүмкүн экенин билдирди. 

    АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандын атуулдары,  анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визаларды алган жарандары мыйзам бузган учурлар көбөйгөн. Эми алардын айынан Кыргызстандын бардык жарандары үчүн чектөө киргизилип, виза алуу татаалдашы мүмкүн. 

    ТИМ АКШга кеткен, аны менен бирге чет жакка чыккан жарандарды барган өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого чакырат.


    Тектеш материалды окуу