Akchabarsearch
    Төрага мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, аларга шарт түзүлүп жатканын айтты

    Жарыяланган

    2025-20-06, 14:26

    Төрага мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, аларга шарт түзүлүп жатканын айтты

    Мугалимдерди шыктандырып, алардын макамын көтөрмөйүн, жаш кадрларды аталган кесипке тарта албайбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди. 

    Нурланбек Тургунбек уулу Ноокат районундагы иш сапары учурунда Бостон айылындагы Буваназар Шаназаров атындагы мектепке барган. Бул мектеп 2021-жылы эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгү менен 192 орунга эсептелип салынган. Бирок азыр анда 557 окуучу билим алат. Окуучулар үчүн орун аз болуп жаткандыктан жергиликтүү эл төрагадан кошумча окуу имаратын курууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. 

    Өлкөдөгү белгилүү инсандардын дээрлик бардыгы элет жеринен чыкканын айткан Тургунбек уулу мамлекеттин келечегине кам көрүү үчүн аймактарга өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирген. Ал билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртып, мыкты уул-кыздардын өсүп чыгышына өбөлгө түзүү зарыл экенин белгилеген. Төрага тиешелүү жетекчилерге жаңы окуу имаратын куруу тапшырмасын берген. 

    Ал мектеп куруу менен гана чектелбей, анда адискөй мугалимдер иштешине шарт түзүү керектигин айткан. 

    "Мугалимдерди шыктандырып, алардын макамын көтөрмөйүн, жаш кадрларды аталган кесипке тарта албайбыз. Ошондуктан, мамлекет агартуучулардын айлык маянасын жогорулатып, керектүү шарттарды түзүү аракет көрүүдө. Ал эми ата-энелер да урпагынын келечеги үчүн мугалимдерге урмат-сый менен мамиле кылууну адатка айлантышы керек", – дейт ал.


    Тектеш материалды окуу