
Жарыяланган
2026-02-03, 14:16Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкө аймактарында жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары 2024-жылга салыштырмалуу кыйла көбөйдү.
Жалал-Абад облусунда бюджет 7.3 млрд сомдон 10.9 млрд сомго чейин өстү. Баткен облусунда чыгымдар 1.8 млрд сомдон 2.7 млрд сомго жетти. Чүй облусунда көрсөткүч 6.5 млрд сомдон 7.1 млрд сомго чейин көбөйгөн.
Каражаттардын негизги бөлүгү билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият тармагына багытталган. Ошондой эле, инфраструктуралык долбоорлорго, курулуш иштерине жана жабдууларды сатып алууга да каражат бөлүнгөн.
Бишкек шаарында 2025-жылы 30.5 млрд сом сарпталса, анын 18.2 млрд сому социалдык-маданий тармакка, 10 млрд сомдон ашыгы финансылык эмес активдерге жумшалган. Ал эми Ош шаарында чыгымдар 3.3 млрд сомдон 9.4 млрд сомго чейин өскөн.
Адистердин айтымында, бул өсүш аймактардагы экономикалык активдүүлүктүн жана социалдык программалардын кеңейгенин көрсөтөт.


