Akchabarsearch
Республикалык бюджеттин чыгымдары 7 айда 261 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2025-07-10, 14:57

Республикалык бюджеттин чыгымдары 7 айда 261 млрд сомду түздү

Республикалык бюджеттин чыгымдары (финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен каражаттарды кошкондо) быйыл январь-июль айларында 261 млрд 751,8 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Бул өткөн жылдын январь-июлуна салыштырганда 31.6%га же 62 810,8 млн. сомго көп

Операциялык чыгымдардын негизги бөлүгү социалдык-маданий тармакка багытталып, 46,5%ы — 100 млрд 505,8 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, мамлекеттик жалпы багыттагы кызматтар, коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоого 64 млрд 336,5 млн сом (29,8%) жумшалды.

Ал эми экономикалык ишмердикти колдоого багытталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө 50 млрд 239,9 млн сом (23,2%) бөлүнгөн. Айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдар 987,5 млн сомду түздү.

 


Тектеш материалды окуу