
Жарыяланган
2025-03-11, 16:18Быйыл январь-август айларында мамлекеттин бюджетине 384 млрд 836.1 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул сумма былтыркы жылга салыштырмалуу 111 млрд 708.2 млн сомго же 40.9%га көп.
Анын ичинен салыктан түшкөн каражат 251.6 млрд сомго жеткен, бул өткөн жылга караганда 54.7 млрд сомго көп. Жалпы кирешенин негизги бөлүгүн — 65%ын салыктар түздү.



