Жарыяланган
2025-09-12, 15:03Өлкө тарыхында биринчи жолу консолидацияланган бюджеттин көлөмү триллион сомдон ашат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев республикалык бюджетке өзгөртүүлөр каралып жаткан Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жыл үчүн консолидацияланган бюджет 1.1 трлн сомдон жогору болушу күтүлүүдө.
“Бүгүн биз 2025-жылга консолидацияланган бюджетти карап жатып, бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы – триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу, азыр – 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8%га көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз”, – деп белгиледи Касымалиев.
Жыйындын жыйынтыгында министрлер кабинети республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди жактырды.


