
Жарыяланган
2026-16-01, 10:59Былтыр 12 айда Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаменти тарабынан 1 млн 61 миңден ашык автоунаа текшерилген. Бул тууралуу аталган департамент билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 10 миң 367 мыйзам бузуу аныкталып, жалпы 126 млн сомдон ашык айып пул салынган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 1.6 эсеге көп.
Айып пулдардын басымдуу бөлүгү салмак-өлчөм талаптарын бузууга байланыштуу болгон. Тактап айтканда, бул багытта 4 миң 587 протокол түзүлүп, 88.7 млн сом айып пул салынган.
Салмак-өлчөм көзөмөлүнүн жыйынтыгында 2025-жылы келтирилген зыянды өндүрүү, таразалоо кызматтары жана атайын уруксаттар үчүн бюджетке жалпысынан 453.5 млн сом түшкөн.
Салыштырсак , бул көрсөткүч 2024-жылы 138 млрд 408 млн сом болгон. Бул былтыркыдан 3.2 эсеге аз.


