Akchabarsearch
Кыргызстандын бюджети төрт айда 72.3 млрд сом профицит менен аткарылды

Жарыяланган

2026-13-07, 12:55

Кыргызстандын бюджети төрт айда 72.3 млрд сом профицит менен аткарылды

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 72.3 млрд сом профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Төрт ай ичинде мамлекеттик бюджетке жалпы 309.9 млрд сом киреше түштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 97.6 млрд сомго же 46%га көп.

Ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 237.5 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 82.6 млрд сомго көбөйдү.

Бюджеттин негизги киреше булагы салыктар болду. Январь–апрель айларында салыктардан 183.8 млрд сом түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу 40.5%га өстү.

Салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө негизинен эл аралык соода жана операциялардан алынган салыктар, пайда салыгы, бирдиктүү салык, резидент эмес жарандардын киреше салыгы, ошондой эле «Кумтөрдөн» түшкөн төлөмдөр жана кошумча нарк салыгы таасир этти.

Ошол эле учурда импорттук товарларга салынган кошумча нарк салыгы, акциз салыгы жана жер салыгы боюнча түшүүлөрдүн азайышы байкалган.


Тектеш материалды окуу