Akchabarsearch
Республикалык бюджеттин кирешеси биринчи кварталда 224.8 млрд сомго жетти

Жарыяланган

2026-02-06, 15:48

Республикалык бюджеттин кирешеси биринчи кварталда 224.8 млрд сомго жетти

2026-жылдын биринчи кварталында республикалык бюджеттин кирешеси 224.8 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77.8 млрд сомго көп же 1.5 эсеге жогору.

Ошол эле учурда республикалык бюджеттин чыгымдары 147.4 млрд сом болду. Бул көрсөткүч былтыркы биринчи кварталга салыштырмалуу 46.6 млрд сомго же 46.2%га көбөйгөн.

Бюджетке түшкөн каражаттардын негизги бөлүгүн салыктык кирешелер түздү. Алардын көлөмү 117.2 млрд сомго жетип, жалпы кирешенин 52.2%ын камсыздады. Былтыркыга салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 31.4 млрд сомго же 36.6%га өскөн.

Салыктык эмес кирешелер 91.4 млрд сомду түзүп, жалпы кирешенин 40.7%ын ээледи. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 31.9 млрд сомго көбөйүп, дээрлик 1.5 эсеге өстү.

Ал эми расмий трансферттердин көлөмү 1.75 млрд сом болуп, жалпы кирешенин 0.8%ын түздү. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 90 млн сомго көп.


Тектеш материалды окуу