Akchabarsearch
Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 23.5%га өстү

Жарыяланган

2026-05-05, 10:14

Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 23.5%га өстү

Быйыл январь–февраль айларында мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдары 86 млрд 348.6 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 млрд 442.2 млн сомго же 23.5%га көп. 

Чыгымдардын көлөмү ИДПга карата 32.7%ды түздү.

Өсүш негизинен финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдардын 13 млрд сомго көбөйүшү менен шартталды. Ошондой эле жалпы мамлекеттик кызматтарга 2 млрд сомдон ашык, ал эми коргоо, коомдук тартип жана коопсуздук тармагына 1.6 млрд сомго жакын кошумча каражат жумшалды.

Ошол эле учурда айрым багыттарга мурдагыга караганда азыраак каражат жумшалды. Тактап айтканда, экономикалык маселелер боюнча чыгымдар 664.7 млн сомго азайса, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 412.6 млн сомго, ал эми эс алуу, спорт, маданият жана дин тармагына 49.9 млн сомго кыскарды.

 


Тектеш материалды окуу