Akchabarsearch
2026-жылы Бишкекте 33 мектеп куруу пландалууда

Жарыяланган

2026-14-05, 10:51

2026-жылы Бишкекте 33 мектеп куруу пландалууда

Быйыл Бишкекте республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин, Араб фондунун колдоосу менен дагы 12 мектептин курулушу пландалууда. Мындан тышкары, дагы бир мектеп куруу каралып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев Биринчи Май районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Ачык диалогдун жүрүшүндө тургундар жол инфраструктурасы, коомдук транспорт, жер мунапысы, жер үстүндөгү жана жер алдындагы өтмөктөрдү куруу, социалдык маселелер жана башка көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Мэр борбор калаада мектептер менен бала бакчалардын жетишсиздиги мурда эле бар болгонун, азыркы учурда социалдык объектилерди куруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

 


Тектеш материалды окуу