
Жарыяланган
2025-09-09, 11:422026-жылга карата мамлекеттик бюджетте Экономика министрлигине эл аралык рейтинг агенттиктери — Moody’s, Standard & Poor’s, Fitch жана Oppenheimer Europe Ltd. менен кызматташуу үчүн 21.1 млн сом каралган.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы министрликке ушундай эле кызматтар үчүн бюджеттен 32 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Демек, келерки жылга каралган сумма 11 млн сомго азайды.
Суверендүү кредиттик рейтингдер Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Алар тышкы карыздардын наркына таасир этет жана өлкөнүн эл аралык инвесторлор арасындагы аброюн аныктайт.
Эске салсак, 2025-жылдын июль айында Moody’s агенттиги Кыргызстандын рейтингине болгон божомолун “Туруктуу” деңгээлинен “Оң” деңгээлге көтөрүп, узак мөөнөттүү эмитенттик рейтингди B3 деңгээлинде калтырган. Ал эми Fitch агенттиги тарыхта биринчи жолу Кыргызстанга «B» рейтингин ыйгарып, божомолун “Туруктуу” деп баалаган.



