Akchabarsearch
Экономика министрлиги инвестициялык долбоорлорго жерди алгач 10 жылга берүүнү, кийин мөөнөтүн узартууну сунуштады

Жарыяланган

2026-21-09, 11:38

Экономика министрлиги инвестициялык долбоорлорго жерди алгач 10 жылга берүүнү, кийин мөөнөтүн узартууну сунуштады

Кыргызстанда инвестициялык долбоорлор үчүн мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди инвесторлорго түз сүйлөшүү аркылуу берүү сунушталууда. Алгачкы этапта жер тилкеси 10 жылга чейин берилип, кийин анын мөөнөтүн 25 жылга чейин узартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу 21-сентябрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында экономика министринин орун басары Беназир Нурланова билдирди.

Ошол эле учурда, эгер инвестор келишимдеги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарып, жерди мындан ары пайдалануу зарылдыгы болсо, жер 50 жылга чейин берилиши мүмкүн.

Нурланованын айтымында, жер тилкелери Министрлер кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүү жолу менен түзүлгөн  инвестициялык келишимдин негизинде берилет. Жерди пайдалануу мөөнөтү инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына жана инвестордун милдеттенмелерин аткаруусуна жараша аныкталат.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик жерлерди пайдалануу үчүн төлөмдү аныктоо тартибин тактоо жана мамлекеттик компанияларга стратегиялык объектилерди ишке ашыруу үчүн жер берүү механизмдерин жөнгө салуу да каралган.

Мындан тышкары, улуттук инвестициялык жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор үчүн жер тилкелерин акысыз пайдаланууга берүү сунушталууда.

Инвестор милдеттенмелерин аткарбаса же долбоор тиешелүү тизмеден чыгарылса, жерди пайдалануу укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

Нурланованын айтымында, өзгөртүүлөр жер берүү жол-жоболорун ачык-айкын кылууга, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүгө багытталган.


Тектеш материалды окуу