
Жарыяланган
2026-16-09, 15:052027-жылдан тарта Бишкектеги мектепте иштеген мугалим жана башка кызматкерлердин айлыгы республикалык бюджеттин эсебинен төлөнө баштайт. Бул тууралуу 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо учурунда каржы министринин биринчи орун басары Талас Айдарбек уулу билдирди.
Анын айтымында, азыр Бишкектеги мектепте иштеген кызматкерлердин айлыгы борбор калаанын бюджетинин эсебинен төлөнөт. Республикалык бюджеттен трансферттер берилип турат.
Эми 2027-жылдан тарта борбор калаада иштеген мугалимдердин айлыгын өлкө бюджетинен төлөө пландалууда.
Алгач 1-январдан 31-августка чейин мугалимдердин айлыгын төлөө үчүн республикалык казынадан мэриянын бюджетине 6.9 млрд сом бөлүнөт. 1-сентябрдан тарта акча түз эле Агартуу министрлигине берилип, Бишкектеги мугалимдердин маянасы министрлик аркылуу төлөнө баштайт.



