Akchabarsearch
Депутат "балага сүйүнчү" жөлөкпулунун өлчөмүн 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады

Жарыяланган

2026-16-09, 16:30

Депутат "балага сүйүнчү" жөлөкпулунун өлчөмүн 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 16-сентябрдагы жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова өкмөткө "балага сүйүнчү" жөлөкпулунун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Анын айтымында, "балага сүйүнчү" жөлөкпулу 2018-жылы киргизилгенден тарта 4 миң сом өлчөмүндө төлөнүп келе жатат. Бирок андан 8 жыл өткөндүктөн көп нерсенин баасы кымбаттады. Ошол мезгилде 4 миң сомго сатып ала турган нерсени азыр сатып ала албайсың. Ошондуктан аталган жөлөкпулду 4 миң сомдон 10 мин сомго чейин көбөйтүү керек.

Депутат билдиргендей, бул жөлөкпул ата-эненин кем-карчын толук жаппаса да бала төрөлгөн кезде үй-бүлө үчүн мамлекет көрсөткөн маанилүү жардам болот. 

Белгилей кетсек,  буга чейин айтылгандай "балага сүйүнчү" жөлөкпулу бир балага 4 миң сом өлчөмүндө төлөнөт. Ал эми үй-бүлөдө үч эм төрөлсө, анын ар бирине 50 миң сомдон берилет.


Тектеш материалды окуу