Akchabarsearch
Ошто 1.5 млн долларга падел спорт борбору салынат

Жарыяланган

2026-16-09, 14:27

Ошто 1.5 млн долларга падел спорт борбору салынат

Ош шаарында падел спорт борбору салына баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Борбордун жалпы аянты 3.3 миң чарчы метрди түзүп, аны курганга 1.5 млн доллар сарпталат деп пландалууда. Аны жеке инвестор курат. 

Спорт борборунда жалпы 10 падел корту болот. Анын сегизи 4 адамдан ойноого, экөөсү эки адамдан ойноого ылайыкталат. 

Мындан тышкары борбордун ичинде машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр, кабыл алуу бөлүмү, намазкана, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жуунучу бөлмө жана санитардык түйүндөр, ошондой эле кофе-бар жайгашат. 

Падел — тенниске окшош, атайын кичирээк кортто ойноло турган ракеткалуу спорттун түрү. 

Аталган комплекс Ош шаарында Сай-Бою көчөсүндө жайгашат. 
 


Тектеш материалды окуу