
Жарыяланган
2026-16-09, 12:49Президент Садыр Жапаров Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен 16-сентябрда Сеул шаарында болгон жолугушууда кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүнү сунуштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтык маселелери талкууланган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштаган.
Жапаров Кыргызстан Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын жана кызматташууну чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеген.
Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Ли Чжэ Мёнду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Ли Чжэ Мён эки өлкөнүн алакасында жогорку потенциал бар экенин, Кыргызстан менен Корея мындан ары да өз ара байланыштарды кеңейтет деген ишенимин билдирген.
Ошондой эле эки өлкөнүн инвестициялык агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырыла берерине, кызматташуу мындан ары өнүгө береине үмүт арткан.



